Бир жылда бир келүүчү мугалимдердин кесиптик майрамы А.Аралбаев орто мектебинде таң эрте салтанат менен башталды.
Мектеп окуучулары эртең мененки саат 7-30 дан баштап куттуктап, гүл открытка тапшырышты.
Бүтүрүүчүлөр уюштурган чакан банкет жана концерт болуп өттү.
«Көнүлдүү старт» деген аталышта мугалимдер арасында эстафета уюштурулду.
«Кесиптик майрамыбыз күтүлбөгөн сюрприздерден турду. 11-класстын окуучулары аябай жакшы даярданышыптыр, жогорку деңгээлде өттү.Өзүбүзгө көп энергия топтодук»-дейт кыргыз тил жана адабият мугалими Тоюнкүл Ашыралиева.
Мугалимдерди кесиптик күнүндө гана эстебестен , окуучулар эже-агайларын бүгүнкү күндөгүдөй кылып таң эрте тосуп алып турушса иштеринде ийгилик жаратаары бышык.
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен.
даярдаган: Айзат Түмөнбаева