“Атайын кесиптин ээси болгонум менен башка нерсе менен алектенип, бир аз болсо да тыйын таап алам”
Учурда жогорку билимдүүлөр көп болгону менен өз кесибинин ээси болбостон башка нерсе менен алектенип келишет. Биз сөз кыла турчу каарманыбыз 1 шиш (крючок) менен ар кандай көз жоосун алган кыздардын чачка таккан резинкасын,сумка,сотка салгыч , башмак, жеңи жок жемпир ж.б токуп алектенет. Кудайбергенова Элнура эженин өз кесиби инженер энергетик.
“Мен өзүм бош отура албайм, бир шиш менен түйгөндү үйрөнө электе курак курачымын.”
Баарынан кызыгы эч кимден үйрөнбөстөн эле, даяр токулган буюмдарды карап эле үйрөнүп алганында.
«Кызыгуум студент кезде эле пайда болгон.Үйрөнгөнүмө эки жыл болуп калды. Улам өзүмө жаңы нерселерди ачып, кызыгуум улам артып келет».
Дагы бир каарманыбыз кичинесинен эле кийиз бетине сайма сайып түр салып келет. Өз кесиби ветеринар.
«Мен сайманы 5- класстан эле кол-эмгек сабагынан үйрөнгөм.
Биринчи сайган саймаларым менен азыркы сайган саймаларымдын айырмасы абдан чоң. Эски саймаларымды көргөндө катасын дароо эле көрөм. Азыр көзүм каныгып, кайсыга кандай оюу салынаарын алдын ала эле баамдайм. Бош болгондуктан сайган саймаларымды бир аз акча болсо да сатып ийип баскан турганыма керектейм».
Жогорку билимдүүмүн, бирок жумуш жок деп отура бербестен сүйгөн кесип таап алышкан.
Мындай таланттулар көп. Ар бир кыргыздын кызынын колунан келе бербейт.
Даярдаган: Айзат Түмөнбаева