“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Аралбаев орто мектебинде он “Эл агартуунун отличниги” мугалим эмгектенет

16 Октябрь 2015 жыл 15:44
Көрүүлөрдүн саны: 108

айзат 410

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Аралбаев орто мектебинде “Эл агартуунун отличниги” наамын алган 13 эже-агайдын ичинен үчү ардактуу эс алууда болсо, калгандары мектепте эмгектенүүдө. Бул макалабызда алардын бири Осмонбек Өмүралиев тууралуу кыскача маалымат бермекчибиз.

Учурда Осмонбек Өмүралиев Аралбаев орто мектебинде география сабагынан берет. Анын алгачкы мугалимдик кадамы ошол эле сабактан берип 1981-жылы башталган.

Ал “Эл агартуунун отличниги” наамын 1992-жылы алган. Ошол убактарын Өмүралиев төмөнкүчө эскерет.

«Ошол кезде мен Аралбаев орто мектебинде директор болуп иштеп жаткам. 1992-жылы биздин мектеп райондук көрсөткүч боюнча алдыңкы орунга чыгып, ошонун негизинде мен жана дагы көптөгөн мугалимдер [бул намды] алган», — деп бөлүштү Осмонбек агай.

20151016_140728

 

Мугалимдикти тандаганынын себебин ата-энесинин да бул кесипти аркалап келгендиги менен түшүндүрдү ал.

“Мен бул кесипти аркалаганымдын себеби биздин үйдө династия бар. Менин атам, апам дагы билимге, мугалимдик кесипке көбүрөөк басым жасашкан. Ошол себептен мен дагы ушул кесипке басым жасап, эмгектенип жатам”, — деди ал.

Ал эми Аралбаев орто мектебинин 9-а классынын окуучусу Адамалиева Ырыскүл, Осмонбек агайдын сабактары кызыктуу өтөөрүн айтат.

«Агайыбыз өткон сабак абдан кызыктуу жана жакшы. Бирок агайдын ачуусу абдан жаман. Тынч отурбаган, сабакка көңүл бурбаган окуучуга эки ирет эскертет. Ал эми үчүнчүсүндө окуучунун жанына барып катуу жазалайт», — дейт.

20151016_140742

Аралбаев орто мектебинин директору Чынара Абдыкадырованын айтымында, Куланак айылы боюнча жалпы 13 мугалим “Эл агартуунун отличниги” наамын алган.

«Биздин мектепте толук 13 мугалим “Эл агартуунун отличниги” наамынын ээси. Алардын ичинен үч агай-эжелерибиз ардактуу эс алууда, ал эми он мугалим иш үстүндө», — деп билдирди Абдыкадырова.

Автор: Айзат Асанова, Нурила Таалайбек кызы

Сынак үчүн