“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Айылдык күрөшчүлөргө машыгуу залы керек

17 Октябрь 2015 жыл 10:23
Көрүүлөрдүн саны: 77

Kulanak_Kurosh (3)

Буга чейин куланактык күрөшчүлөр жана алардын жетишкендиктери тууралуу макалаларыбызда токтолгон элек. Азыр айылдык спортчулар кандай шарттарда машыгып жатканы менен дагы бир жолу таанышып көрүүнү чечтик.

Kulanak_Kurosh (7)

Бакыт Алмазбек уулу күрөш менен үч жылдан берип машыгууда. Ал алдыңкы орундарды багындырып ушул шарттарда даярданып багындырып келген. Ал азыр болгону 12 жашта.

Kulanak_Kurosh (8)

“Мен быйыл акыркы жолу Казакстанга барып 2-орунду ийгилүктүү алып келдим. Бирок ийгиликке жетүү үчүн ар дайым машыгып туруучу зал керек. Бизге да машыгуучу зал ачылса жакшы болмок”,  — дейт Бакыт.

Бул боюнча анын грек-рим күрөшү боюнча тренер Назарбек Мусалиев атайын шарттын жоктугунан кээде маданият үйүндө машыгууга туура келгенин айтат.

Kulanak_Kurosh (2)

“Бизде атайын  күрөшүүчү залдын жок болгондугуна байланыштуу бирде маданият үйүнө, бирде спорт залга машыгып келебиз. Училищанын спорт залына дагы бардык, бирок ал жакта дагы зал талапка жооп бербегендиктен, кайрадан маданият үйүнө машыгууга туура келди”, — деп айтып берди Мусалиев.

Kulanak_Kurosh (4)

Спорт зал салуу үчүн жалпы керектелген каражатты эсептеп чыгышкан. Мусалиевдин айтымында, жаңы спорт залдын баасы 18 миллион сомду түзгөн.

“Айыл өкмөткө кайрылсам, капиталдык курулуш дегенге өтүп кетсек, ошолор салып беришет деди. Ал эми ага чейин уруксат жок”, — деп кошумчалады куланактык машыктыруучу Мусалиев.

Kulanak_Kurosh (6)

Айылдагы Аралбаев орто мектебинин директору Чынара Абдыкадырова күрөш менен алектенген балдарга кыш мезгилинен башка убактарда мектеп толук шарт түзүп бере алаарын айтты.

Kulanak_Kurosh (1)

“Кышкысын суук болгондуктан аларга атайын  бөлмө берилип келген. Жайкысын спорт залда спорттун башка түрлөрү менен машыгышкан балдар менен кезектешип даярдык көрүшөт. Бирок ал жерде балдар сабак учурунда ойноосу керек болгондуктан дайыма эле бошотуп бере албайбыз”, — деп түшүндүрдү мектеп директору.

Куланак айылдын атынан көптөгөн жерлерге чыгып, айылдын атын башка жерлерге тааныткан спортчуларга ийгилик каалап, келечекте жакшы спорт зал ачылып, алардын машыгуусуна жакшы шарт түзүлөт деген ойдобуз.

Даярдагандар: Самара Рыскелди кызы, Нуриза Асаналиева, Гүлгүнай Майрамбекова, Аэлита Алтынбек кызы, Айтунук Кубанычбек кызы

Сынак үчүн