“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланакта таза суу үзгүлтүккө учурады

17 Октябрь 2015 жыл 9:54
Көрүүлөрдүн саны: 31

Kulanak_Suu (1)

Нарын районуна караштуу Куланак айылында таза суу төрт күнгө токтотулду. Айылдын суу башчысынын айтымында, суу түтүктөрү эскирип, жарактан чыгып калган.

Kulanak_Suu (2)

Советтер убагында курулган суу түтүктөрдүн эскилиги жеткендиктен таза сууну бат-баттан  өчүрүүгө туура келүүдө. Муну Куланак айылынын суу башчысы Эмилбек Орокчиев төмөнкүчө түшүндүрдү.

“Суу түтүктөрүнүн эскиришине байланыштуу, таза суу токтоп калды. Аны жаңылаш үчүн ашар жолу менен акча чогултулуп суу түтүктөрү оңдолууда”, — деп айтты Орокчиев.

Kulanak_Suu (3)

Айыл тургуну Турган апага суунун токтотулушунан улам кыйынчылыктар жаралып жатканын айтат.

“Сууну токтотпош керек болчу, арыктагы сууну ичүүгө болбогондуктан, өйдө жактагы шаркыратмадан алып келүүгө туура келет. Мен ал жакка бала-бакырамды жиберип, сууну ташып ичип жатабыз”, — деди айыл тургуну.

Kulanak_Suu (4)

Таза суу толук кандуу жетип туруш үчүн, суу түтүктөрү толук капиталдык ремонттон өтүш керек. Айыл тургундары өкмөт суу маселесин чечсе мындай муктаждыктар жаралбайт эле дешет.

Даярдагандар: Наргиза Назарбек кызы, Элиза Замирбек кызы, Элина Алмаз кызы

Сынак үчүн