Азыркы кезде Куланак айылында колунан көөрү төгүлгөн улан-кыздар жок эмес. Ошондой идеялары жана дүйнө таанымы менен жаңы нерсени ойлоп тапкан жаш айыл тургундары менен кыскача баяныбызды сунуштайбыз.
Куланактын 16 жаштагы тургуну Жаркынбек Жолдошбеков кол өнөрүнө тогуз жашынан тарта кызыга баштаган. Ал өз өнөрү менен облустук деңгээлдеги сынактардан байгелүү орундарга жетишкен.
“Мен бул өнөрөмдү 3-4-классымдан баштап майда нерселерди жасоого кызыгып жасап жүрчүмүн. Кийинчирээк андан дагы чоңураак нерселерди жасап, мектеп аралык сынактарга катыша баштадым. Бул өнөрүм менен облустук деңгээлге чейин барып 1-2-орундарды камсыз кылып келгем. Бул өнөрүм өзүмө абдан жагат”, -деди Жаркынбек.
Ал эми Жаркынбектин апасы Жумагул Жаанбаева баласынын өнөрү менен сыймыктанаарын айтат.
“Менин уулум 3-класстынан бери ар кандай нерселерди жасап келүүдө. Мен бул иш менен алек болгонуна каршы эмесмин. Мен баламдын бул иши менен сыймыктанам”, — деди Жаанбаева.
Айылдын дагы бир жаш тургуну жана 8-классынын окуучусу Айжаркын Азатбек кызы кол өнөрүнүн арты менен өзүнө керектүү буюмдарды токуп алаарын айтат.
“Мен бул өнөрүм өзүмө абдан жагат. Айрыкча түймө түйгөн жагат. Өзүмө керектүү баш кийим, сумка жана башка буюмдарымды өзүм колго токуп алам”, — дейт Айжаркын.
Учурда жаш Айжаркындын эмгеги жерде калбай айрым жасалгалары Куланактагы бала-бакчада оюнчукка айланды.
Автор: Айзат Асанова, Медер Асыкулов, Адилет Жолдошбеков, Автандил Ажымүдүнов, Ырысбай Адамалиев, Кундуз Нурболотова, Уулкан Асанова
Сынак үчүн