“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Облустук сынакка катышкан куланактык “Ак марал” бий тобу

17 Октябрь 2015 жыл 13:15
Көрүүлөрдүн саны: 101

Новый рисунок (1)

Нарын районунун Куланак айылындагы Аралбаев орто мектебинде “Ак марал” бий тобунун уюшканына үч жыл болду. Топтогу жаш таланттар жана бийчилер даярдана турган класстык бөлмө жоктугунан даярданууда көйгөйлөр жаралып жатканын айтат.

Жаш бийчилердин даярдыгын көзөмөлгө мектептин музыка мугалими Жумагүл Өмүрова алат. Андан сырткары ал бийчилердин бөлмөсүн жана көйнөгүн таап берет.

Өмүрова окуучулардан турган “Ак марал” бий тобун жаш таланттар сынагына катышуу үчүн түзүлгөнүн айтат. Бирок бийчилер ар кайсы сынактарга катышып, ийгиликке жетип жатканынын бир топ кыйынчылыктар тураарын белгиледи.

“Атайын ийримдерде даярдана турган класстык бөлмө жоктугуна байланыштуу, актовый залга даярданууга туура келет. Даярдануу учурунда көйгөйлөр жаралса да, биздин бийчилерибиз жакшы ийгиликтерди багындырып келишет. Эгерде атайын класстык бөлмө ачылса деңгээл мындан да мыкты болот деп ойлойм”, — дейт музыка мугалими Өмүрова.

“Ак марал” тобунунда эки жылдан бери бийлеп келе жаткан 10-класстын окуучусу Айчолпон Асанкулова кыйынчылыктарга туш келгенде мектеп жетекчилигине кайрылып турганын айтты.

20151017_122946

“Бийге даярдануу учурунда көйгөй жаралбай койбойт. Биринчиден кабинеттин жоктугу жана көйнөктөрдү тигүүдө маселелери. Көйгөйлөрдү чечүүдө мектеп администрациясына кайрылып турдук. Мисалы, биздин бардык формабызды мектеп тиктирип берген”, — деди бийчи Айчолпон Асанкулова.

Мектеп директору Чынара Абдыкадыровага кайрылганыбызда, мектеп жетекчилиги каражаттын аздыгынан атайын бийчилерге даярдануу бөлмөсүн ачып бере албастыгын айтты.

Даярдагандар: Азима Жаныш кызы, Милена Каныбекова

Сынак үчүн