“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланакта Алтын күз.

18 Октябрь 2015 жыл 0:00
Көрүүлөрдүн саны: 51

Kulanak_AltynKuz (2)                                                                                                                                                    Быйылкы жылы былтыркыга караганда күн жылуу болду. Күз келип айлана сары түскө бөлөндү.

Kulanak_AltynKuz (4)«Бул Учкун айыл өкмөтү.                                                                                                                       Мал болсо кыштоого дайыма ноябрь айында кетип кайра февраль айында келип айылдан туут болот.  Анан төлдөө  болгондон кийин,  кайра июнда кетет. Биринчи жайлоого барат.  Кайра ал жерде кээбир малчылар турат. Бир жарым айдан кийин арпага кетет. Арпага барып отурукташат, бул жерден Учкун айыл өкмөтүнөн буйрук чыгарылган. Кайра октябрдын онунан кийин келет. Эгерде оруп жыйуу эрте болсо сентябрдын жыйырмаларынан кийин келет. Быйыл мал эрте келди . Баардык чөп-чарлар эрте чабылып жыйналды» — дейт айыл тургуну  Абдляшим  Айдаралиев.

Kulanak_AltynKuz (8)

Дагы бир айыл тургуну Жумагүл эже өз ою менен бөлүштү.

IMG_7098

» Баардык түшүмдөрү жыйналып эң жакшы кез. Күзүндө тоодон малдар түшөт,  той-торопо аш-арапа болот. Күз —  дегенде ушуларга токтолгум келет «.

Kulanak_Kuz (1)

Быйылкы күздүн жемиштүү болуусу, жай мезгилинде кургакчылык , жаан чачын болгон жок. Ошол себептен талаадыгы  оруп жыйю убагында болду.

Kulanak_AltynKuz (7)«Жазда чыккан жөжөнү күздө сана»- дегендей  жаздан бери эмгектенген эл азыр баарын жыйнап кыштын камын көргөн чагы.

Kulanak_AltynKuz (3)

Дыйкандын да, малчынын да көңулүн ток кылган күз мезгили өз убагын жылдагыдан жылуу аба ырайы менен өткөзүп жатат.

 Автор .Уулкан Асанова Жаныл Жусуп кызы Сагынбек Сүөрбек уулу.

Сынык үчүн