Нарын облусту боюнча Ак-Талаа районунда жума күнү, Ат-Башы районунда жекшемби күндөрү мал базар болуп турат. Куланак, Учкун айылдары жума күндөрү Ак-талаа районуна барбастан эле жол боюна чыгып малдарын соодалашат.
Жума күнкү мал саткан айыл тургундарын кепке тартттык.
Бүгүн жума күн болгондуктан базарга мал алып чыккам. Малыбыз өтпөй арзан. Койлорду 4000-5000 сомдон деп сурап жатышат. Өзүм 6000 сомго берет элем. Уйду болсо 40000 сом десем эч ким сураган жок –дейт айыл тургуну Камчыбек Андашев.
Мал өтпөгөндүктөн жума сайын алып чыгып, алып кирип жатып бир айдан бери убара болгондугун баса белгилеп өттү.
Дагы бир айыл тургуну 1 уйду сата албай бир жарым айдан бери соодалай албай келет.
Мен Рыскелди Жусубалиев Куланак айылынын тургунумун. Мал түшкөндөн бери уй сатайын десем баасы чыкпай жатат. Айылдын базарына да чыктым, Ат-Башынын базарына да алып барып көрдүм. Өткөн жок. Эт комбинаты ишке кирген болсо элдин көйгөлөрү оңой эле чечилмек. — дейт .
Даярдаган: Айзат Түмөнбаева, Самара Рыскелди к
Сынак үчүн.