Эчки –Башы айылына 10 командадан түзүлгөн беттеште Куланак айылынын жаштары командалык биринчиликти багындырып келишти.Райондук беттеш грек рим күрөшү боюнча 14- ноябрьда болуп өттү.
Беттешке келген командалар мыкты даярдыктар менен келишкен экен. Ар кайсы салмактык категориялар боюнча 1 орунду 30 кг салмакта Урмат уулу Жалын, 33 кг салмакта Алмазбеков Бакыт, 36 кг салмакта Русланов Ардак, 39 кг салмакта Бейшенбек уулу Таалайбек 1- орунду ээлешти. 46 кг салмакта Назарбек уулу Илгиз 2-орунду ээледи. 39 кг салмакта Замир уулу Азамат жана 42 кг салмакта Чынарбек уул у Айдар 3-орунду багындырды.
Машыктыруучусу Назарбек Мусалиев окуучуларына абдан ыраазы экенин билдирди.
Айылдан кеткен жаш күрөшчүлөр ийгилик менен кайтышты.
Даярдаган: Айзат Түмөнбаева, Самара Рыскелди к
Сынак үчүн.