Куланактагы улакчы жаштар жергиликтүү бийликке ат оюндарды мелдештерди уюштурууга жана көнүл бурууга чакырат.Буга чейин айылда көп эле жолу улак тартыш оюну болуп келген.Бирок 22- октябрда болуп өткөн оюндун максаты айылдагы жаштарды оюнга чакыруу болуп эсептелет. Бул оюн Макый дан ишканасынын жетекчиси Бакай Өмуралиев тарабынан демилгеленген.
Улак тартышты калтырбай ойноп келген 18 жаштагы Тимур Атабаевга суроо бергенибизде биринчи эле демөөрчүлүк жөнүндө кеп козгоду.
-“ Мен улак тартышты калтырбай ойноп келем.Негизи бизде ойноочу жай жок болгондугуна байланыштуу бул оюнду анда-санда кана ойнойбуз.Бизге демөөрчүлук кылып оюн аянтчасын салып беришсе абдан жакшы болмок-» дейт Атабаев
Айылда улак тартышты хобби катары көргөндөр да жок эмес.Булардын катарында Исабек Жаңгарач уулу да бар.Ал өз оюн мындайча баяндайт: “ Бизге Бакай Өмуралиевдей болгон демөөрчүлөр дагы көп болсо балким оюн мындан да кызыктуу болмок.Азыркы учурда айылдагы жаштар интернет,телефон,компьютер сыяктуу нерселерге көбүрөк кызыгаары маанилуу.Ошондуктан мен аларды улак тартыш ойногонго кызыгышын каалайм жана көнүл бурууга чакырам.
Деңиз Нуркалый уулу 17 жашта.Азыркы кезде улак ойногондордун бири.Буга чейин ойнотулган оюндар ага абдан жакканын айтып, төмөндөгүлөрдү баса белгилеп өттү.
“Биз айылдын жаштары жылыга күз мезгилинде “Улак тартыш ” оюнун ойноп, бош убактыбызды кызыктуу өткөргөнгө аракет кылабыз. Ойной турган жайыбыз жок болгондуктан күзүндө гана ойноп келебиз.. Башка убакта талаа эгин менен капталууда. Ошондуктан оруп -жыйуу бүтүшүн улакчылар чыдамсыздык менен күтөбүз. 22-октябрда өтүлгөн улакты биз айылдын тургуну Бакай Өмүралиевдин туулган күнүнө карата уюштурганбыз. Бул оюнду Бакай байке өзү демөөрчүлүк кылып 3-орунга 1000 сом, 2-орунга 2000 сом, 1-орунга 3000 сом акчалай сыйлыктарды коюп , оюнду абдан кызыктуу өткөрүп берди”-дейт ал.
Оюн аянтчасы курулуп калса ата-бабаларыздан калган улак тартышты ойноп кетүүгө жана көбүрөөк көнул бурууга чон мүмкүнчулүк түзүлмөк, чындыгында оюнчулар айткандай демөөрчүлөр көп болуп турса Куланак айылы менен гана чектелбей күйөрмандар коңшулаш айылдан да келээри бышык деген ойдобуз.
Авторлор: Самара Рыскелди кызы, Сагынбек Сүйөрбек уулу, Ырысбай Адамалиев.
Сынак үчүн.