“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак:Эми айылды суу каптабайт,анткени…

24 Ноябрь 2015 жыл 13:49
Көрүүлөрдүн саны: 48

Былтыр кышында 30-35 градус сууктун кесепетинен айылдагы көчөлөрдүн биринде суу ташкындоосу болуп, жабыркоо болгонун жазган элек. Бул окуядан кийин айылдагы “Макый ата”жана “ Дөөлөт уулу Барктабас” көчөлөрүнө  май айынан июнь айына чейин сайлардын жээктерине дамбалар Ө.К.М(озгөчө кырдаалдар министири) тарабынан курулуп  ишке ашырылган.

20151111_142610

  Тосулган дамбалар элге чоң таасирин тийгизерин айылдагы “ Макый ата” көчөсүнүн тургуну Токтобек Көчиев: “Мурун дамбалар курула электе  сай оюлуп бара жаткан болчу. Эгерде сайларга торлор тосулбаса,анда келе жаткан кышта былтыркыдай суу тоңуп, дагы жабыр тармакбыз”-дейт

 

20151111_143739

Ал эми  Ө.К.М инин кызматкери Эмилбек Солтоналиев  жасалган иштер боюнча мындай деди: “ Дамбаларды куруунун  негизки максаты элди кыян –селден сактоо.  Бул  2014 –жылдагы план эле.2015-2016- жылдагы план болсо,Терек-Суу жана Кара-Тал участкалары болуп саналат.Ошондой эле тосулган торлор Куланак айылындагы эки  жерге салынды.Ал эми бул ишке кеткен акча Өкмөт тарабынан каржыланып,Ичке  участогуна 1 миллион 300 миң сом,Кур-Кокту участкосуна 297 миң кетти”

Былтыркы окуядан кийин бир аз жабыр дагы бир айыл тургуну, Рыскелди Жусубалиев менен маек курганыбызда ал: “Өзүңүздөр билгендей былтыркы суу ташкындоонун  кесепетинен биздин көчөлөрдөгү дарбазанын сыртына суу тоңуп калып, жылгаяк тепчү жайга окшошуп калган болчу. Анан дагы үйго тайгаланып араң кирчүбүз.Жазга жеткирбей баткак болбосун деп кышында музду чагып да көрдүк.Бирок баары бир деле калып калган муздар жазында ээрип, анча-мынча кыйынчылык жаратты”-дейт.

 

20151116_120104[1]

Албетте, тосулган  дамбалар айыл элин сүйүнтпөй койбойт. Сиздер бул ишти аягына чыкты деп ойлобой эле коюңуздар.Анткени жогоруда Э. Солтоналиев айткандай, 2016-жылдагы пландар да бар экенин эскерте кетели.

Авторлор:Самара Рыскелдиева, Айзат Асанова

Сынак үчүн