“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: айылдагы жаш «Баатыр энелер» арбын

11 Декабрь 2015 жыл 11:38
Көрүүлөрдүн саны: 86

Биздин айылда” Баатыр эне “ жана “Эне даңкы” наамын алган апаларыбыз арбын.Биз бул жолу ошол апаларыбыз жөнүндө мындайча баяндайбыз.

Айылдагы жаш курагынан” баатыр эне” Наамын алган айымдардын бири Кундуз Орозалиева эже алган наамы боюнча бизге төмөндөгүлөрдү айтып берди,-

“Азыркы учурда менин жети балам бар.Мен устубуздогу жылда мамлекет  тарабынан “баатыр эне” наамын алдым.

 

Алган сыйылыгым менен сыймыктанам келечек жаштардын колунда эмеспи,ошол сыяктуу өлкөбүздө жаштар көбөйө берсин.

Мен айылдан “жөлөк пул” (пособия) албайм,бирок 2014-жылы сыйлык алгандан кийин, мамлекет акчалай жардам көрсөткөн”

20151021_143035

 

 

Ал эми Кундуз эженин кызы Аралбаев орто мектебинин 10-классынын окуучусу Айчолпон Асанкулова апасы туралуу бизге кененирээк маалымат берди,-

“ Мен апамдын алган сыйлыгы менен сыймыктанам,жеке эле мен эмес атам жана бир туугандарым дагы сыймыктанат.

Апам үйдөгү жумуштан сырткары кол өнөрчүккө кызыгып  шырдак шырыйт, курак курайт жана ошондой эле башка иштер менен алектенет ”- деп сөзүн жыйынтыктады.

20151021_141824

 

Ошондой эле дагы бир “Эне даңкы“ наамын алган айыл тургуну Гулфия Стамбековна биздин суроолорубузга  төмөндөгүчө жооп кайтарды,

”Мен  2014-жылы мамлекет  тарабынын “Эне даңкы” наамын алдым башка айымдардай эле,  мен дагы алган сыйлыгым  менен сыймыктанам.

Менин алты балам бар,мен балдарыма  баардык жакшы тилектерди каалайм”- деп сөзүн бутурдү.

Ал эми Гулфия эженин кызы  Уулкан Асанова  өз оюн мындайча баяндады,

”Менин оюмча апам бул наамга татыктуу эне деп ойлойм. Себеби апам көп нерсеге шыктуу мисалы: кол өнөрчүлүккө,техникага кызыгат.Үйдөн бош отурбайт дайыма иш менен алектенет”. –деди.

20151021_143006

Айылыбызда дагы көптөгөн “Баатыр энелер кбойө берсин демекчимин.

 

 

Автор:Айзат Асанова.