“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Мугалимдер кочо кыдырышып, рейд жургузушуудо

15 Декабрь 2015 жыл 20:04
Көрүүлөрдүн саны: 58

Азыркы учурда окуучулар тун ичинде кочого чыгышып, мушташып, оздорунон кичуу балдарга акча талап кылышат. Ошону менен эле бирге  спирт ичимдиктерин ичишип,дагы башка туура эмес жолдорго баргандарын коп эле жерден угуп калабыз. Дал ушул окуялардын алдын алуу максатында А.Аралбаев орто мектебинин мугалимдер жамааты кочолорду кыдырышып, рейд жургузушуудо.Бул жанылыкты уккан сон мугалимдерден уруксат сурап  мен дагы алар менген чогуу кыдырууга чыгып, мугалимдерге суроолорумду узаттым.

Чынара Балтабаева мектептин  тарбия иштери боюнча уюштуруучусу.Ал мунун баары жогору жактан буйруктун негизинде келерин айтты. « Кунуно биз алты мугалимден  уч кочого болунгонбуз.Жана саат кечки 7 ден баштап кыдырып жатабыз. Негизи буйрук боюнча окуучулар тункусун кочого себепсиз  чыкпоолору керек.Эгерде дайынсыз чыгып бизге кармалып кала турган болсо, ата-энелерге да эскертуу бергенбиз, алып барып тушунук кат жаздыртабыз же дагы башка чараларды коробуз.

20151128_194035

Ушул жерден мени бир суроо кызыктырып жатат: «Айтсаныз, мугалимдер кыдырабыз дединиз, айылда милиция учаскасы дагы бар да . Бирок менимче алардын  милдеттерине дагы рейд жургузуу кирет болушу керек?»

«Ооба, алардын дагы милдеттерине кирет.Бирок биздин пландарыбыз ар башка. Алар негизинен «милициянын жаш жардамчысы» деген пландын негизинде окуучулар менен биргеликте  иш алып барышат»-деди Балтабаева.

Ал эми тарых сабагынын мугалими Таалай Нурдинов « Кыдыруу ашыкча туйшук жаратпайбы?» деген суроомо мындайча жооп берди: «Менин оюмча туйшук деле жаратпайт. Анткени мунун баары озубуздун окуучулар жана айылыбыздын тынчтыгы, бейпилчилиги учун деп билем»-дейт.

20151128_194247

Ушул учурда мугалимдер окуучунун уйундо бар же жок экендигин билуу учун уйлорго кирип, ата-энелерге тушунук кат жаздырышты.

Кубан Омуралиевдин рейд тууралуу оз оюн мындайча  билдирип өттү: » мен негизи өзүмда  мугалиммин жана ата-эне катары туура эле деп эсептейм. Балдардын кечкисин чыгуулары көбөйгөндүктөн ушундай шарттар алардын азаюусуна жакшы өбөлгө болду деп эсептейм»

Кочодо кетип бара жаткандарды мугалимдер «окуучулар» деп токтотушса,чон эле кишилер же эжелер болуп калган учурлар да кездешти.Аларга болгон жагдайды айтып берип, туура кылып жаткандарын айтышкандар да болду.

20151128_193313-1

Бугунку кыдырууда окуучуларды кочодон жолуктурган жокпуз. Албетте бул кыдыруудан кийин созсуз турдо жакшы жыйынтык берип,окуучулар оздору эле чыкпай калат деген ойдомун.

Автор: Самара Рыскелдиева.

Сынак учун