“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: эсте калган жаны жылдык кече

31 Декабрь 2015 жыл 14:56
Көрүүлөрдүн саны: 100

А.Аралбаев орто мектебинде быйылкы жаны жылдык кече абдан жакшы денгээлде отулду. Балаты майрамын 25-декабрда 0 -класстар баштап беришсе, 29 -декабрда 9 -10 -11 класстар стол даярдашып, кызуу маанайда жыйынтыкташты. Бул майрам конкурс турундо болуп,  мыкты номерлер да аткарылды. Ошондой эле эн кызыктуу тапшырма болуп, жаны жылдык стен газетанын макет турундо болушу болду.

image

    Жаны жылдык майрамды аяз ата жана аяз кызсыз элестетуу мумкун эмес го. Окуучулар кеченин коркун ачкан аяз кыз менен аяз атаны кол чаап тосуп алышты.

image

Адатка айлангандай окуучулар балатыны айланып-бийлеп  аяз ата аяз кыз менен суротко да тушушту.

image

0 -а класстын класс жетекчиси мектеп окуучуларын жаны жылга биринчи жолу даярдантканын айтып, томондогулорго токтолду: «Классымда жалпы 32 окуучу окуйт. Албетте, аларды даярдантыш оор эле болду. Бирок окуучуларымдын кызыгуулары жана аракеттери менен бат эле даярдандык.»-дейт Наргиза Капысова.

image

Быйылкы кечени озгочо кылып откорууго 11 -класстын кошкон салымдары чон деп айтууга болот. Бутуруучулор индия киносунундагы Ананди менен Жагдиштин ролун аткарышып, коруучулордун конулун бурду.

image

29 -декабрда жогорку класстардын майрамдык кечеси болуп ал жакка
мугалимдер чакырылды.Мыкты номерлер корсотулду. Андан кийин бардыгы ортого тушуп чарчаганча бийлешти.

image

9 -классынын окуучусу Земфира Бусурманкулованын эн суйуктуу майрамы бул- Жаны жыл. «Бугунку кун абдан шандуу отуп жатат.Баардыгы жакшы.Жаны жылыныздар менен»

image

«Быйылкы жылда мектебибизде жакшы жанылыктар коп болду»- дейт  мектеп директору Чынара  Абдыкадырова «2015 -жылы жаны типтуу ашкана ишке киргизилди, заманбап даараткана ачылды. Ошону менен эле бирге  демоорчулук кылгандар да коп болду. Спорт боюнча окуучуларыбыз,  мугалимдерибиз да байгелуу орундарга ээ болушту. Бутуро албай жаткан иштерибиз 2015 -жылы жакшы жыйынтык менен аяктады»

Келе жаткан жыл да коптогон жакшы жанылыктарга бай болуп мектептин мындан аркы иштери алга жылсын. Эн негизгиси окуулар жакшы окуп, коптогон ийгиликтерге жетишип, жалпы кыргыз элине тынччылык, молчулук, бакубат жашоо каалап маймыл жылы берекелуу жылдардан болушуна тилектешмин.

Автор:Самара Рыскелдиева.

,