“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: “Мыкты жоокер” сынагы болуп өттү.

24 Февраль 2016 жыл 3:07
Көрүүлөрдүн саны: 42

20160219_170320-1А. Аралбаев орто мектебинде 19-февралда “Мыкты жоокер” сынагы болуп өттү.  Конкурска 9-10 жана 11-класстан үчтөн окуучу бала катышты.Сынакка 11-класстар “Ак Шумкар”, 10-класстар “Патриоттор” ошондой эле 9-а класстар “Жоокерлер”,9-б класстар “Ата Мекен” деген командалар менен  чыгышты.“ Мыкты жоокерге” катышуумдун негизги максаты бир гана жеңип чыгуу эмес, классымдын намысын коргоо болуп саналат”- дейт сынактан биринчи орунду алган “Ата Мекен” тобунун мүчөсү  Шермамбет Амангазиев.“Бул сынакка көп деле даярданган эмеспиз. Артта калып калабыз го деген ойлор келип жаткан. Сахнага чыкканда сүрдөй берчүмүн. Мында андай толкундоолор болгон жок. Анткени классташтарымдын сүрөөсу, алардын колдоосу менен биринчи орунду багынта алдык деп ойлойм”-дейт 9-б классынын окуучусу.20160219_170309Катышуучулар көптөгөн тапшырмаларды аткарышып, өздөрүнө тиешелүү баллдарды алышты.20160220_150251-1Алар келечекте кандай жоокер болорун дал ушул сынакта далилдешти.20160219_165353“Мындай конкурстар бизде жыл сайын эле өтүлүп келет. Ага ар бир класстын окуучулары активдүү катышышат. Окуучулар окуудан тышкары дал ушундай коомдук иштерге катышуулары зарыл. Бул жолкусунда калыстар тобунда мен да отурдум. Окуучуларыбыз келечекте эли-жерин коргогон, жанын эмес, намысты биринчи орунга кое турган мыкты жоокерлер болооруна ишендим”- дейт мектептин тарбия иштеринин орун басары Чынара Балтабаева.Күйөрмандар командаларына кол чабуу менен  колдоп турушту.20160219_165450_1499-1Сынак эки саатка созулуп, жыйынтыгында гран –прини-“Ак Шумкар”командасы жеңип, I орунду “Ата Мекен”, I I орунду болсо “Жоокерлер” ал эми III орунду “Патриоттор”командасы алды.20160219_165823Жеңип чыккан катышуучуларды күйөрмандары көтөрүп ыргытып куттукташты. 20160219_165855_23717Ошондой эле “Мыкты жоокер” сынагы 20-февралда 7-8 – класстар арасында дагы өткөрүлүп, бул сынакта  көбүнчө патриоттук  ыр-бийге басым жасалды.20160220_144304Автор: Самара РыскелдиеваСынак үчүн