“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Математикалык жумалык жана “Сармерден” конкурсу болду

2 Март 2016 жыл 7:04
Көрүүлөрдүн саны: 350

Кышында А. Аралбаев  орто мектебинде чакан линейкалар, конкурстар көп уюштурулду.Себеби  25-январдан 25-февралга чейин математикалык жумалыкка байланыштуу 6- класстар арасында чакан линейка болуп өтсө, кыргыз тил сабагы боюнча  17-февралда 7- класстар “Сармерден” конкурсун тартуулашты.20160219_123131Математика линейкасы боюнча 6-класстарды даярданткан Элмира Асаналиева төмөндөгүлөргө токтолду.“ Мындай линейкалар матаматикалык жумалыктарга байланыштуу жыл сайын өткөрүлүп турат. Биз мында математикалык пъеса койдук, жана жалаң сандар катышкан макал-лакаптарды понтомимо менен көрсөтүп бердик.20160219_115519Андан тышкары суроо-жооптор, тамашолор ошону менен эле ыр-бийлер менен да коштолду ”-дейт Асаналиева.20160219_115931Окуучулар көрүүчүлөргө  математикага тиешелүү ар кандай табышмактарды жашырышып, кызыктыруучу белектерди беришти.20160219_122907Ошондой эле окуу тарбия иштеринин директору суроолорума мындайча жооп берди.“Математикалык мугалимдер жалпы мектептин окуучуларына паредметтерге кызыгуусун арттыруу максатында декада уюштурду. 6-а жана 6-б класстар геометриялык фигуралардын өзгөчөлүктөрүн пайдалануу менен мектеп ичинде линейка коюп беришти.Ал эми сармерден тууралуу айта кетсем, Бул иш-чараны  кыргыз тили жана адабият мугалими Таалайкүл Токсобаева уюштурду. Сармерден мурда да болуп келген. Бирок жогорку класстар арасында гана. Озгөчөлүгү мурда бир класстын  кыздар балдары менен өтүлүп келсе, мында эки класстын кыздар балдары менен конкурс түрүндө өттү”-дейт Майрам Токсобаева20160218_132407-1Сармерденде шайыр жеңенин ролун алып барган Адинай Зайырбекова мындай дейт:“Катышууда биздин биринчи  максат бир гана  женип чыгуу эмес, озубуздун онорлорубузду көрсөтүү болуп саналат. Биз буга эки жумадай даярдандык. Көрүүчүлөрдү кызыктыруу максатында  жаңылмачтарды ,табышмактарды акыйнек айтышып элдин көңүлүн бурганга аракет кылдык ”-дейт Адина.20160218_133613Сармердендендин жыйынтыгында 7-б классынын балдары жеңишке жетишти.20160218_133642Автор: Самара РыскелдиеваСынак үчүн