Жылдагыдай эле Нооруз майрамында мектепте алоосто болду. Быйылкы алоостоонун өзгөчөлүгүн 7-а классы даярдаган концерт ачып турду.
![20160316_123359[1]](http://kulanak.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/2/2016/03/20160316_1233591-300x169.jpg)
Нооруз майрамы А.Аралбаев орто мектебинде салт болуп калгандай мектептин үлгү боло турган эжелери жылыга мектеп ичин аласташат. Быйылкы жылы Майрам Токсобаева аластады.
![20160316_123324[1]](http://kulanak.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/2/2016/03/20160316_1233241-300x169.jpg)
“Менимче бул чоң жоопкерчилик деп эсептейм. Атайын аластоо үчүн чоң даярдык көрдүм. Аластоодо кандай ырым-жырымдар жасалаарын эске алып, болгон аракетимди жасадым. Мага жардамга 7-а классынын окуучулары келди. Окуучулар өздөрүнүн чакан концерти менен коштоп берди”.
Кеченин катышуучусу Зарина Болотбек кызы оюн төмөндөгүдөй билдирди:
![20160316_121815-1[1]](http://kulanak.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/2/2016/03/20160316_121815-11-300x246.jpg)
“Буга чейин Нооруз майрамына арналган концерттерди көргөм, бирок өзүм катышканда көп нерселерди ала алдым. Мисалы үчүн “Бала бешикке ” салуу салтын аткарганда атайын талаптар бар экен. Жөн эле бешикке салып койбостон, бешик ыры ырдалды,чачылоо таратылды,чоң эненин ролун ойногон Бермет ак батасын берди. Баланын уйкусу тынч болсун деп, бешиктин үстүнө 9 жууркан жабылат экен . Мага бул жаңылык болду”
Автор: Таалайбек кызы Нурила.