Аралбаев орто мектебинде окуучулар тарабынан даярдалган “Билерман ордо” оюну болуп өттү. Оюнду Айзат Асанова жана Жылдыз Жолдолдошбекова экөө биргеликте, 9-10 класстар арасында уюштурушкан .
Жылдыз Жолдошбекова бул оюнду эмне себептен уюштургандыктары тууралуу мындай дейт: “ Биз “Билерман ордону” окуучулардын сабакка болгон кызыгууларын жана жөндөмдүулүктөрүн арттыруу максатында уюштурдук. Иш-чарага Нурбек агайыбыз түрткү болду. Ал Айзатка өз оюн сунуштаган экен. Анан Айзат экөөбүз чогуу иш алып баралы дедик. Бир гана суроолорун түзүү көбүрөөк ойлонууну талап кылды”- дейт Жылдыз.
Ал эми бул идеяны окуучуларга сунуштаган Нурбек Шамырканов кыздарга техника жагынан жардам берген.
Ошондой эле суроо-жооптор слайд менен көрсөтүлүп турду.
“Билерман ордонун” эң негизги уюштуруучусу Айзат Асанова буларга токтолду:
“Оюн биз ойлогондон да жакшы деңгээлде өтүлдү. Суроолор ар тараптуу болду. Логика математика, башка предметтер, дегеле, бардык нерсени камтыган суроолорду издедик. Биз өтө татаал же өтө кыйын суроолорду берген жокпуз. Эн кызыктуусу билермандардын суроолорго тез жооп беришип көп нерселерди билгендиктеринде болду.
Бул жолкусунда 9-10 класстар арасында гана уюштурсак, кийинкисинде 7-8 класстар арасында да уюштуралы деп турабыз. Анда Нооруз майрамына тиешелүү суроолорго көбүрөөк басым жасалат”-дейт Айзат Асанова.
Билермандарга ойлонууга бир мүнөттөн убакыт берилип турду.
Оюндун жүрүшүндө каалоочулар ырдап да турушту.
Билерман ордо бир саатка созулуп жыйынтыгында редакторлор-4, ал эми билермандар-9 упайга ээ болушту.
Автор: Самара Рыскелдиева
сынак үчүн