“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланакта жылда өтуучу Республикалык турнир отуп жатат

2 Апрель 2016 жыл 14:25
Көрүүлөрдүн саны: 55

Куланак айылында 7-апрель Элдик революиясынын баатыры Кожобеков Рахатбек Маликовичтин жаркын элесине арналган Республикалык турнир 2-апрелде башталды. Буга Кыргызстандын 7 областы катышып, жалпысынан 260 балбандар келишти.

Балбандар келген күнү таразага түшүп, айыл тургундары тарабынан үйлөргө жаткызылды. Ал эми аларды жетектеп келген машыктыруучулар № 86-кесиптик лицейине жайгаштырылды.

20160402_120901[1]

Турнир саат 9 да башталып, адатка айлангандай мектеп алдында чакан линейка болду. Ошондой эле Кожобеков Рахатбектин элесине арналып куран окулду.

20160402_120533[1]

Талас шаарына караштуу Кок –Сай айылынан келген Исмантаев Дастан мындай дейт: “ Мен күрөшкө 1- классымдан бери катышып келем азыркы учурда 6- класста окуйм. Менин эң негизги максатым ата-энемдин ишеничин актап, жеңишке жетишүү”-дейт Исмантаев.

20160402_141212[1]

Ал эми Жалал-Абад шаарынан келген машыктыруучу Бекмаматов Данилбек биздин суроолорго төмөндөгүдөй жооп берди: “ Мен 23 жылдан бери тренер болуп эмгектенем. Көптөгөн окуучуларым чет өлкөгө чейин курөшүп келишкен. Ал эми Куланак айылына быйыл үчүнчү жолу келип жатабыз. Бизди коноктоп жаткандыктары үчүн жалпы айыл элине, мектеп мугалимдерине чоң ыраазычылыгымды билдирем”-дейт машыктыруучу.

20160402_152335[1]

Өткөрүлүп жаткан курөш дагы эки күнгө созулмакчы. Биздин кийинки макалабызда кимдер жеңишке жетишкендиктери тууралуу кененирээк маалымат болмокчу.  

Авторлор: Нурила Таалайбек кызы, Дилде Шатанова, Ажар Белекова, Бегимай Талантбекова.