“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Айылда «Айыл ажары» аттуу конкурсу болду.

13 Апрель 2016 жыл 13:25
Көрүүлөрдүн саны: 67

Куланак айылында 8-апрель күнү «Айыл ажары » аттуу сулуулар конкурсу болуп өттүү.Конкурска 9-10-класстын окуучу кыздары катышты.

20160408_144018[1]

Бул конкурсту Нарын шаарынын жаштар коому жана «Аракет» тобу уюштурду.

«Мен Кубанычбекова Күмүшай Нарын Мамлекеттик Университетинин экономика факультетинде 5-курсту аяктап жатам. Азыркы учурда жаштар коомунун жетекчиси болуп иштеп жүрөм жана «Аракет» тобунун мүчөсүмүн. Биздин максат ар бир айылдарды кыдыруу жана ар бир айылдын кыздарынын сулуулугун баалоо. Ошону менен бирге эле патриоттукка  чакыруу. Биз Эмгекчил айылынан баштадык . Тандалган сулуу кийинки айылга биз менен чогуу барып калыс болот». -деди.

20160408_142959[1]

Программада Келечектеги менин айылым,мода дүйнөсү,хоббиси, улуттук тамактар болду. Кыздар мыкты даярдыкта келишиптир. Хоббиге бири ыр окуса, бири бийлеп, бири кол өнөрчүлүгүн көрсөттү.

Сулуу1[1]

Калыстар тобу мектеп жамаатынан 1 мугалим, Жаштар уюмунан1,клубдан 1, Сары -Ой айылынын жеңүүчүсү 1 болуп 4 калыс катышты.

Сулуу2[1]

10-класстын катычуусу Кылымай «Келечектеги менин айылым» деген темада мыкты слайд көрсөттү.

Сулуу3[1] Сулуу4[1]

Сулуу5[1]

Сынактын жеңүүчүсү Адамалиева Ырыскүл мындай деди: Мен 9-класстын окуучусумун. Мындай сынакка биринчи жолу катышып жатам. Буга чейин мектептин атынан жаш таланттар конкурсуна барганда «Ак- марал» бийчилер тобу менен бийлегем. Бул менин жеке жеңишим эмес. Анткени классташтарымдын жана ата-энемдин салымы чоң. Аларга ыраазычылык билгизем.

20160408_134809[1]

Мындай сынактардын көп-көп болушун каалайт элек. Себеби айыл тургундары абдан активдүү катышты.

Автор: Айзат Түмөнбаева, Нурила Таалайбек кызы, Нуриза Асаналиева.

Сынак үчүн.