“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Айыл өкмөтүндө жалпы элдик чогулуш болуп өттү.

13 Апрель 2016 жыл 12:08
Көрүүлөрдүн саны: 50

Куланак айылынын клубунда жалпы элдик чогулуш болду. Чогулушка Учкун,Куланак элдери жана Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев катышты.

Klub[1]

Жыйналышты Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев ачты.

«Бүгүнкү каралчу маселелер: көчүп конуу,корук,суу. Куланак айылынын суугат суусу Сары Ой айыл өкмөтүнө чейин кетет. Ошондуктан арык, каналдарды тазалап, сууну туура пайдаланалы, убагында көчүп конбосок айдоо жерлери зыянга учурайт».          Бул көтөрүлгөн маселелерди  эл толук колдоп чечип алышты.

IMG_20160413_130604[1] «Таза суу боюнча тарифти Куланак айылынын тургундары үчүн 1 түтүнгө 100 сомдон. Ал эми Учкун айылынын тургундары үчүн 300 сомдон. Чогулган акча өзүнүн ремонтуна кетет. Эскилиги жеткендиктен ремонт иштери тынбай жүрүп турат»-деп таза суу кызматкери Эмил Солтоналиев тарифти көтөрүү боюнча сунуш кийирди.

Буга көпчүлүктүн ою ар кандай болгондуктан, эл бир пикирге келбестен тарап кетишти.

Kamchy[1]

«Мен Куланак айылынын тургунумун атым Камчыбек Андабеков. Тарифтин көтөрүлүшүнө макулмун. Таза  суу үзгүлтүккө учурабасын десек көтөрүш керек»-деди.

Автор: Нуриза Асаналиева,Айзат Түмөнбаева

Сынак үчүн.