А. Аралбаев орто мектебинде 27- апрель куну окуучулар мектептин биологиялык аянтчасына жер-жемиштерди айдашты. Буга 9-жана 8- класстын окуучулары активдуу катышышты.
Бул боюнча А. Аралбаев орто мектебинин биология мугалими Айжан Койчуманова бизге мындайча маек берди: «Окуу тарбия участкасын иштетуу боюнча бул жерге жер-жемиштердин туру айдалып жатат.Негизи мурдагы жылдары биологиялык аянтчада карагат жана малина эле бар болчу. Ал эми быйыл озгочолонуп, картошка, сабиз, кызылча, перец, капуста помидор жана ашкабак петрушка, сельдерей айдалат. Юнисеф долбоору 10 туп карагат, 10 туп алма жана жогоруда айтылган жер-жемиштердин уругун каржылап беришти.
Ар бир класска жер- жемиштердин турлору болунуп берилген. Алар оздорунчо жайкысын кезектешип алып багышат. Ал эми тушумун болсо мектепте 1-класстан 4-класска чейинки окуучулардын тамак- ашына колдонулат» -дейт биология мугалими.
Окуучулар мектеп аянтчасына биринчи жолу айдап жаткандыктарын айтып, кызуу иштеп жатышты.
Ошону менен бирге Айжан Койчуманова осумдукту кантип айдоо керектиги жана анын эрежелери тууралуу окуучуларга кененирээк практика жузундо да корсотуп берди.
«Шарты боюнча жемишти айдаардан мурда жерди жумшартып алыш керек экен. Ошондуктан бугун жер семирткичтерди сээп, эртен кызылчаны айдайбыз»-дейт 8-а классынын окуучусу Айжаркын Азатбекова.
Автор: Самара Рыскелдиева