“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Таштанды маселеси тууралуу Айыл Өкмөтү эмне дейт?

29 Апрель 2016 жыл 18:04
Көрүүлөрдүн саны: 80

“Куланакта таштандылар көбөйүп жатат, бул маселени Айыл Өкмөтү жакшылап карап чыкса болмок”-дешет айыл тургундары. Биз бул маселе тууралуу Учкун Айыл Окмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу  Айзат Жунушалиева менен бирдикте маек курдук.

DSC_0284

(Белгилей кетчү нерсе,Учун жана Куланак айылынын Айыл Өкмотү бир болгондуктан “Учкун Айыл Өкмөтү” деп аталат).

Саламатсызбы, биз Куланак айылында сурамжылоо жүргүзгөнбүз. “Азыркы учурда айылда  чечилбей келген кандай көйгөй бар, жана аны кантип чечсе болот” деген суроонун үстүндө.  Сурамжылоого ылайык, көбунчө айыл тургундары таштанды маселесин айтып чыгышты.

Биринчи эле суроом, бул маселеге Айыл Өкмөтү кандай карайт?

Бул маселе боюнча Нарын райондук мамлекекттик  адмистрациясынын 32-б буйругунун негизинде айыл ичин көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалоо боюнча иш-чаралар журуп жатат. Буга чейин Учкун айылынан тазалыкка деп  болунгон акчадан күйүүчү майлар алынып келинип, Бак-Терек, Нур-Байбулун участкасы жана Училища аймагы толугу менен тазаланды. Ошондой эле көчөнүн боюндагы таштандылар эксковатрлар менен түртүлүп, көмүлдү.

Айыл ичиндеги таштандылардын кобойуп кетишине ким себепкер, жана ким жооптуу?

Буга биринчиден айыл эли өзүз эле кунөөлүбүз да. Ар бир адам озунун таштандысын чогултуп, жаз болобу, жай болобу бир иээт машина менен алып барып карьерге төгүп же өрттөп койсо жеке өзү учун эле эмес, айылдын тазалыгы үчүн деле эң жакшы нерсе да.

Сиз айтып жатпайсызбы, таштанды тогүүчү жайга төгүшсө жакшы болмок деп, каякка барып төгүшөт, дегеле айылда атайы таштанды төгүүчу жай барбы?

Ооба, Куланактан чыгып бара жаткан жерде урналар бар.

Ал жакка айыл эли таштандыларын төгүп турушабы?

Жок. Ал жак алыс болгондугуна байланыштуу эл коно элек жана тогушпойт. Айылдын ар кайсы жерине каналдын, кочонун жээктерине тогуп коюшат.Ошондуктан таштанды толуп кетип жатпайбы.

Сиздер бул учун кандай чара колдоносуздар?

Негизинен биздин аларга айып салганга укугубуз жок. Бирок айылдык сотко фамилясы көрсөтүлүп арыз жазылса, анда1000 сомго чейин айып пул сала алабыз.

Айыл ичиндеги таштандылар канча убакытта бир тазаланып турат?

Таштандыларды тазалоо жаз мезгилине туура келет.

Ошондо жылына бир эле жолу тазаланып турабы?

Ооба, Айыл Өкмөт тарабынан бир эле жолу тазаланып турат.

Алдыда таштанды маселесин чечүү тууралуу дагы кандай пландар бар?

Азырынча жакынкы пландарда мектеп окуучулары жана жаштар уюму менен биргеликте 30-апрелде Учкун жана Куланак айылынын чегиндеги көчөдөгү ташатандыларды тазалоо иштерин жүргүзөлү деп турабыз. Андан сырткары бак-дарактарды актап, жолдун жээгиндеги эч ким жашабаган тамдар бузулат.

Сиздер таштанды маселе тууралуу айыл эли менен биргеликте жыйын өткөрүп турасыздарбы?

Ооба, жыйналыш жакынкы күндөрү белгиленген. Анда көчө комиттери шайланып, ар бири өздөрүнүнун көчөсүнө жооп бергидей кылып,жаштар уюму менен биргеликте жыйналыш өтөт.

Маегиңизге чоң рахмат!

Автор: Самара Рыскелдиева