Куланак жамааттык мультимедиа борбору айыл тургундарына сурамжылоо жүргүзгөндө, айрымдары ыр кеселердин көп уюштурулуп туруусун каалаганын айтышкан. Мындай иш-чаралар аркылуу айылдын жашоочулары көңүл ачып, руханий жактан өнүгүү болот эле дешет алар.
Бул тууралуу Куланак айылылын Тамара Жумакаева атындагы маданият үйүнүн директору Ааза Тилекматова менен маек курдук.

Саламатсызбы, биз айыл тургундарынан сурамжылоо жүргузгөнбуз, “Куланакта кандай иш-чара болуп турушун каалайсыз” деген темада. Көпчүлүк тургундар ыр кесени айтышты. Биз ушул иш-чара тууралуу сиз менен маек куралы деп чечтик.
Ыр кесе жылына канча жолу өткөрүлүп турат?
-Айыл ичинде жашка деп мекемелерде бөлүнуп алганбыз. Ошон үчүн айына бир жолу өткөрүлүп турат.
Бул иш-чарага ким демөөрчүлүк кылат?
Бизге эч ким эч кандай демөөрчүлүк кылбайт. Керектүү каражаттарга катышкандар өздөрүнүн чөнтөктөрүнөн чыгарышат. Буга чейин бизди көтөрүп келген демөөрчү деле болгон эмес.

Ыр-кеселер кандай себептер менен откөрүлүп турат?
Быйыл тарых жана маданият жылы болуп жарыялангандыктан,элдин элдин маанайын жана маданиятын көтөрүү максатында уюуштулуп жатат.
Буга чейин дагы элдерге “демөөрчү болуп бериңизчи” деп сурандыныздар беле?
Ооба, депутаттарга, айыл өкмөтүнө деле кайрылып келгенбиз, бирок эч кандай жооп болгон жок.

Алдыда дагы кандай пландар бар?
Пландар аябагандай көп, буюрса аларды айыл өкмөтү менен биргеликте чечкенге аракет кылабыз.
Маегиңизге чоң рахмат.
Автор: Уулкан Асанова.
сынак учүн