Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы орто мектебининде жеңүчүүгө смартфон тапшыруу аземи болуп өттү.
Бул чакан иш чарага kloop тун кординатору Элмурат Ашыралиев келип белекти өз колу менен А.Аралбаев орто мектебинин мугалими Куланак ЖМБ нун ыктыярчысы Айзат Тумөнбаева эжебизге тапшырды.
Кубанычы коюнуна батпай турган Айзат эжекебиз биз менен өзүнүн кубанычын тен бөлүшүп кетти.
“Мен бул сынактан жеңип чыгам деп ойлогон эмесмин мага күтүүсүз болду. Мен жеңүүчу болгонумду 1 ай мурун өзүмдүн кесиптеш кыздарыман уккам.Бугун Элмурат өзу келип смартфонду тапшырды.Албетте кубанып жатам дагы көптөгөн сынактарга катышып жеңүүчү болгум келет.”-деп өз сөзүн аяктады.
Ал эми kloop тун кординатору Элмурат Ашыралиевке кайрылганыбызда сынак туралу төмөндөгулөрдү айтты.
”Бул сынактын жеңуүчусун биз элдердин добуш берүүсу менен аныктадык. Жеңүүчүнү аныктоо оңой эле болду. Жанылыктарды элдер kyrgyzmedia.com сайтынан окуп добуш беришти ошонун негизинде женүүчүнү аныктадык.”
Кесиптештерибизге дагы көптөгөн жаны жетишкендиктерге жетишин жана сынактардан утушун каалайбыз.
Авторлор: Айзат Асанова, Суербек у Сагынбек.
Сынак үчүн.