А. Аралбаев атындагы орто мектебинде жалпы ата-энелер чогулушу болуп өттү. Мында окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана ар кандай түнкү отуруштарга жибербөө керектиги тууралуу мектеп директору жана милиция тарабынан эскертүү берилди.
Жалпы ата-энелер жыйналышына Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө специясынын инспектору Мээрим Тагаева да келип, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
“Жыйналыштын максаты акыркы коңгуроодо окуучулар походко жана түнкү отуруштарга отурбоосун талап кылып, ата-энелерге эскертип жатабыз. Ошондой эле иш-чарага райондун өкүлчүлүктөрү да келди. Эгерде окуучулар жана ата-энелер мектеп адмистрациясынын жана биздин эскертүүгө карабай жогоруда айтылган нерселерге барса, анда Кыргыз Республикасынын кодексинин 65-статьянын негизинде ата-энелер милдеттүү түрдө жооп берет жана аларга мыйзам чегинде чара көрүлөт. Андан сырткары 3000-5000 сомго чейин айып салынат”-дейт милициянын капитаны Мээрим Тагаева.
Авторлор: Дилде Шатан кызы, Ажар Белекова.
Сынак үчүн