“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланактын аймагын кыян каптады

14 Май 2016 жыл 21:43
Көрүүлөрдүн саны: 74

Куланак айылындагы Он сарай жана Төрт сарай аймагында 11-май күнү эртең мененки саат 7 де кыян каптоо болду. Кыян жогоруда аталган аймакта жашаган тургундардын короосунан үйүнө чейин каптап кирген.

20160513_161129

“Айылда Кур-Кокту деген участок бар. Ал жакта селден коргоочу 8 метрлик трамба казылган. Ал келип Терек-Сууга кошулат. Бул жаңы конуш болгондуктан кооптуу участок деп катталган эмес. Кийин трансформация болгондон кийин үйлөр курула баштады. Быйыл жаан-чачын нормасынан ашып кеткендигине байланыштуу коктулардан түшкөн суу көбөйүп кыян каптоого алып келди”-дейт өзгөчө кырдаалдар министиринин капитаны Темирбек Касымбеков.

Screenshot_2016-05-15-00-13-01-1

Кыян катуу болгондуктан тургундардын үйүнүн ичине чейин кирип, короого басарга жер жок калган.

Screenshot_2016-05-15-00-12-38-1

Кыян төмөндөгү жаңы салынып жаткан үйлөргө да терс таасирин тийгизген.

20160513_151513

Бул окуя боюнча Куланак айылындагы Жаштар уюмунун төрөгасы Улан Жумабаев бизге мындайча баяндап берди:

“11-апрель күнү саат эртең менен 7 лер чамасында Нур-Байбулуң аймагында жашаган тургундар бизге окуяны кабарлашты. Барганыбызда 3-4 үйдүн короосун суу каптап кетиптир. Адегенде тургундар күрөк менен казып жатышкан экен, бирок суу катуу агып жаткандыктан эксковатрды чакыртып арыктарды каздык.

20160513_150139

Бул маселе боюнча Айыл өкмотү жана ӨКМ менен кеңешип жогорудагы аймактарга коргонуучу канал жана көпүрө куруп берели деп долбоор жазалы деп жатабыз”-дейт Улан Жумабаев.

“Кыян каптоо биз жакта ушуну менен төртүнчү жолу болуп жатат. Бул жолкусунда катуу болду. Ушул нерсени Айыл өкмөтү жана ӨКМ мурунтан эле колго алса болмок. Былтыр суу башчы Эмил Солтоналиевке да кайрылгам, бирок акча бөлүнгөн эмес деп койгон. Эми дагы канчага чейин ушинтип үйлөрүбүздү суу каптай берет”-деп кейийт жабырлануучу Карачач Кадыркулова.

Screenshot_2016-05-15-00-13-15-2

Автор: Бекназар Дөөлөтбек уулу.

Редактор: Самара Рыскелдиева.

Сынак үчүн