Куланакта тынбай жааган жаандын кесепетинен кыян каптагандагын кабарлаганбыз. Учурда кыян түшкөн көпүрөлөр оңдолуп жатат. Иш жүрүп жаткан жерден маек.
ДЕУ 8 дин директору Кубанычбек Токобаев биздин суроолорубузга жооп бергенден баш тартты. Ошол себептен ДЕУ8 айдоочусу Орозакун Эгенбердиев менен маектештик.
Бул жерге шагыл тушуруунун максаты эмнеде?
Түшүрүүнүн максаты кечээтен бээри жаандын жаашы менен Куланак айылынын суусу өтчү көпүрөсүн жеп аткандыгына байланыштуу биз кечээ түнкү (12.05.2016) саат 10 дон баштап эртен мененки саат 8 ге чейин Үч терек көпүрөсүндө иштедик эми Ичкенин көпүрөсүндө ишти улантып жатабыз.
Бул шагыл ким тарабынын түшүрүлүп жатат?
Бул шагыл ДЕУ 8 тарабынан түшүрүлүп жатат, ДЕУ 8 тин техикасы менен иш жүрүп жатат табигаттын кырсыктары болбой эле койсун. Болуп кетсе күн түн иштейбиз бул биздин милдетибиз.
Дагы мындай окуя кайсы жерде катталды ?
Куланак айылында эки жерде катталды Үч теректе, Ичкеде.
Автор: Бекназар Дөлөтбек уулу.
Редактор: Айзат Түмөнбаева.
Сынак үчүн.