“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

«Чыгаан инсандар»

20 Май 2016 жыл 11:42
Көрүүлөрдүн саны: 118

Куланак Жамааттык мультимедиа борбору тарабынан дайындалган «Чыгаан инсандар» долбоорунун негизинде «Тарыхы болбой эл болбойт, тамыры болбой жер болбойт» деген темада улуу инсандардын өмүр чыгармачылыгы менен тааныштырууну баштайбыз.  Куланак жамааттык мультимедиа борбору А.Аралбаев атында жайгашкандыктан, А.Аралбаев туралуу баяндоону туура көрдүк.

Өмүр баян

   Абдылда Аралбаев 1891-жылы Куланак жергесинин Ичке деген жеринде кедейдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Өз атасынан  сабатсыздыгын жойгондон кийин Учкун жериндеги Кара-Булуң деген жерде Касымаалы Мамбет уулунун медресесинен Касым деген молдодон таалим –тарбия алган, кат тааныган. Ал ата салтын улап, мектеп ачып, бала окутуунун жолуна түшүп,өзүнө өмүрлүк кесип кылып алган.1916-1917 жылы ОЗУ алгачкы дин мектебинен ар түрдүү жаштагы балдарды чогултуп алып окута баштаган (араб алфавити менен). 1918ж тартып Куланакта 1- жолу Советтик мектепти ачып 12 эркек бала 1 кызды мектепке тартып, окуткан.1918 кыска мөөнөттүк даярдыктан өткөн соң латын тамгасы менен окута баштаган. Ал 1924 ж чейин Куланак баштооч мектебинде эмгектенет.1925-ж Ак-Талаа районунун Байгончок Кыштагына жиберилет да, андан баштооч мектепти ачып,балдарды окутат.1926-ж Ат-Башы  болуштугундагы Кошой-Коргон баштооч мектебин ачып,2 жыл эмгектенет. 1929-ж Куланакка келип,аксакалдар менен кеңешип,жаңы мектеп курмакчы болот. Жаңы мектеп (1944-55ж чейин) үзгүлтүксүз 1-2 класстарды гана окутат.

1968-жылы дүйнөдөн кайткан. А.Аралбаевдин 100 жылдык тою салтанаттуу  белгиленип, ысымы мектепке ыйгарылган.

1996-97-окуу жылында А.Аралбаевдин музейи уюштурулду.

                 Интервью

Мен Амангелди Абдылдаев. Мени Чоң атам Абдылда Аралбаев багып чоңойткон. Атабыздын 2 кыз 2 уулу болгон. Чоң атабыздын агасы кайтыш болгондон кийин, агасынын Жусуп, Саада аттуу уул, кызын багып алган. Өзүнүн Айша, Борбодой (өз аты  Абдымамыт). Айшадан 1 кыз,1 бала. Айша өзү Нарын шаарында мугалим болуп эмгектенген.  Борбодойдон  уулдары:Кудайберди,Беккелди, Адис,Чолпон,Венера,Нуржан.                    Менин 3 уул ,5 кызым бар. Учурда Куланак айылында жашайым.

 

        Эмгектери жана сыйлыктары:

 Окумуштуу педагогдор менен да кеңешчи болуп, экинчи класстын «Эне тили» китебин (Э. Бердибаев мене бирге) жазышкан. Китеп  1949-жылы жарыкка чыккан . Биринчи мугалимдин ийгилиги мектептин да даңкын чыгарды. Республика боюнча эң алгачкы өкмөттүк сыйлык менен сыйланган. 67 мугалимдин экөө Куланак мектебинен болгон.1939-жылы билим берү тарыхында биринчилерден болуп, А.Аралбаев  Ленин  орденин, окуу бөлүмүнүн башчысы Күлүйпа Кондучалова «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалын М.И Калининдин өз колунан алып келишкен.                                               

А.Аралбаевдин көп жылдык эмгеги жогору бааланып, «Кыргыз ССРинин  эмгек сиңирген мугалими» деген наамга, 2-жолу (1949) Ленин ордени жана Кыргыз ССРининЖогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланууга татыктуу болгон. Кыргыз ССРинин Эл агартуусунун отличниги деген төш белги да ага алгачкылардан болуп тапшырылган.

 

 

 Айыл   жаңылыктары.

“Тарых жана маданият ” жылына карата уюштурулган өрөөндүк сынак 16-апрелде Достук мектебинде болуп өттү.  Сынакка 5 мектеп катышты. 1-орун Жутакеев орто мектеби,2-орун А.Аралбаев орто мектеби,         3-орун Э.Токсобав мектеби.

 

Ушул эле сынак бала бакчалар арасында уюштурулуп,” Таңгабийке- Бердике”  бала бакчасы Учкун айылына барып,  биринчиликти багындырып келишти.

 Материалды даярдаган: Айзат Түмөнбаева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Биздин дарек: Нарын району, Куланак айылы   Абдылда Аралбаев орто мектеби,

«Куланак» мультимедиа борбору,

Эстетика кабинети.

 

 

Байланыш телефондор:

0551 297 297

Электродук дарек :

[email protected]

Kulanak.kyrgyzmedia.comсайтынан окусаңыздар болот

 

Колдоо көрсөткөндөр:

 

 

«Чыган  инсандар» долбоорунун  негизинде даярдалды

Нускасы: 50 даана

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Куланак жамааттык мультимедиа борбору

 

 

 

 

 

 

Абдылда Аралбаев атындагы орто мектеби