Куланак айылында 7-май күнү жаштар уюмунун демилгеси менен 7-8-классынын окуучулары таштанды тергени чыгышкан. Окуучулар экиге бөлүнүшүп жарымы Учкундан Куланакка чейин, жарымы Достуктан Куланакка чейинки таштандыларды теришти.
Бул тууралуу жаштар уюмунун жетекчиси мындайча баяндап берди:
“7-май күнү мектептин окуучулары болуп таштанды тергени чыкканбыз, , мектептин окуучуларына рахмат.Айыл өкмөтүнөн дагы өкүлдөр чыкты. Учкун чек арасына чейин теришти. Дагы тазалануучу жерлер да бар. Бак-Терек участкасы калган болчу,ошолорду тазалайлы деп жатабыз. Мектеп директору менен кеңешип анан тазаласак дегенбиз.
Мындан мурда дагы мындай иш-чаралар көп эле болуп жүрчү,окуучулар парктарды тазалашчу.Азыр болсо чек арадан ,чек арага чейин тазалашат.
Айыл таза болуш үчүн пландарыбыз кеңири.Ылдый жактагы каналга таштандылар төгүлүп жатат,ошолорду дагы тазаласак дегенбиз.
Мындай иш-чаралар дагы көп болот ,эгерде окуучулар жардамын аяшпаса-дейт Улан Сыдыков.