“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Окуучулар отчеттук концерт беришти

22 Май 2016 жыл 12:23
Көрүүлөрдүн саны: 144

  А. Аралбаев орто мектебинде 19-20 -май күнү 4-а жана  4-б класстары бүтүрүү кечесин өткөрүштү. Бул иш-чарага окуучулардын ата- энелери жана мугалимдери күбө болушту.

20160520_124353

Бул тууралуу 4-а классынын класс жетекчиси Рима Базарбаева буларга токтолду:

20160519_131048

-Бул классты мен 1- классынан бери окутуп келем.  Буюрса бүтүрүү кечеси мен ойлогондой болду, мага жакты. Жакшы өттү деп ойлойм. Балдардын сүйүнүчү койнуна батпай маанайлары абдан жакшы болду.

Ал эми 4-б классынын  класс жетексиси Керез Оржоева коюлган кеченин ценарийи тууралуу мындай дейт:

20160520_124304

-Бүгүн менин окуучуларым өздөрүнүн ата- энелерине таланттарын, кандай дээңгелге жеткенин,  4 жылдык эмгегин көрсөтүштү.  Президенттибиз Алмазбек Атамбаев 2016-жылды “тарых жана маданият жылы” деп белгилегенине байланыштуу, үркүндөн ушул мезгилге чейинки доорду чагылдырдык” –дейт  Керез Оржоева.

Окуучулар өнөрлөрүн түрдүү багыт менен көрсөтүштү.

20160519_131010

Замир уулу Бегаалынын чоң энеси Дина Абдыкалыкова кече мыкты деңгээлде өткөндүгүн баяндап, төмөндөгүлөрдү айтып берди:

20160522_144803[1]

-Бүгүнкү бүтүрүү кечеси  аябай жакшы болду.  Колунан келген өнөрлөрүн көргөзүштү, мугалими да жакшы даярдаптыр. Баарыбыздын маанайыбыз жакшы болду. Балдарыбыздын өнөрүн көрүп турган жакшы да.

Авторлор: Медина Сарбагыш кызы, Дилде Шатан кызы.

Сынак үчүн