“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

«Өзүбүздү өзүбүз каржылайбыз»

22 Май 2016 жыл 11:21
Көрүүлөрдүн саны: 113

Футбол аянтчасы жок болгондугуна карабастан, спорт сүйүүчүлөр күн сайын Футбол калтырбай ойноп келишет. Кызыктуу ойноп жаткан жеринен оюнчуларга суроо узаттык.

20160521_204450

 

Оюнчу Расул Болотбековго  спорттун бул түрү абдан жагарын айтат. Ал катуу ойногондуктан, күйүгүп бизге мындайча интервью берди:

20160521_204545

 Саламатсызбы,   футбол оюнун качантан бери ойноп келе жатасыз?

-Саламатчылык, мен бул оюнду кичинемден эле  абдан жакшы көрөм. футболду ойногонума алты айдан ашып калды.

Оюндун бул түрүнө оюнуна эмне болуп кызыгып калдыныз?

Бул оюн спорттун бир түрү, ойносон чуркайсын, ден соолугуң  да чың болтот. Биздин айылда чоңдор Бишкекке барып жаш курагы боюнча футбол оюнун уюштурушуп ойношчу. Биз ошолорду көруп,жергебиздин лицейиндеги  аянтчасында футбол ойноп калдык, Ошондон баштап кызыгуум башталды.

Оюнга жаш- кары дебей келип ойношот.

Photo5

Оюнчулардын айтымдарына караганда  алар сүйлөшүп алышып, кечки саат 5 тен 8-9 га чейин ойношот.

Screenshot_2016-05-21-18-13-29-1

Силерге көмөк көрсөткөн демөөрчүңөр барбы?

 — Бизге эч ким демөөрчүлүк көрсөтпөйт, ар бирибиз жыйырма сомдон чогултабыз да бир командада беш бала болсо,баарыбыздыкы биригип, жүз сом болот. Мындан тышкары көптөгөн командалар келет, ошондон чогулган акчалар менен эле өзубүзгө өзүбүз демөөрчу болуп келебиз.

Аянтчанын шарты силерди канааттандырабы?

Албетте жок, шарттар түзүлгөн эмес, анткени биздин дарбазабызды таштар менен жазап алганбыз. Аянтчада чуңкурлар да  бар. Биздин дарбазабыз кичи футболго ылайыкташылган.

20160521_180836

Топко акчаны өзүңөр чогултасыңарбы?

Биздин жарык топ менен ойногон күндөрүбүз  да болгон. Чоңдор бизге топ алып келип беришкен. Учурда ошол топ менен ойноп келебиз.

Бул оюнга мектептин жаш мугалимдери да катышат. Алардын арасынан бизге буларды айтып берди:

Screenshot_2016-05-21-18-45-45-1

“ Футболду студент кезден бери ойноп келем. Оюнчулар арасында эч кандай жашка чек жок.  Биздин максат оюн аркылуу жаштарды ынтымакка чакыруу болуп саналат.”дейт Стам Ишенбек уулу.

Мындан тышкары Куланак айылынын жаштары Бишкек шаарында жашташ (поколение) болуп жумасына бир жолудан ойноп келишет.

Автор: Бекназар Дөөлөтбек уулу

Редактору:Айзат Түмөнбаева

Сынак учун