А.Аралбаев мектебинде бүтүрүү кечеси менен биргеликте , мындан 50 жыл мурун бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу кечеси болуп өттү.
Быйыл мектепте 31 окуучу ийгиликтүү бүтүп жатат. Класста 14 бала 17 кыз окуйт анын ичинен 10 окуучу -жакшы, 4 окуучу — эң жакшы деген баалар менен окушат. Биздин мектепте биринчилерден болуп «Алтын тамга» менен Айсулуу Ногойбаева бар (буга чейин кызыл аттестат берилсе, 2015-2016-окуу жылынан баштап «Алтын тамга» деген наам менен берилип жатат).-дейт класс жетекчиси Айжан Койчуманова.
Ачык асман үстүнө илинген коңгуроо бүтүрүү кечесинин көркү болуп турду.
Мындан 50 жыл мурун Куланак мектебинен бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөр мектепке чогулушуп, жолугушуу кечесин уюштурушту. Жолугушуу учурунда Ак калпакчан аталар, ак элечек апалар өз калоолорун бүгүнкү биздин келечек болгон бүтүрүүчүлөргө айтып жатты. Бүтүрүүчүлөрдү, 50 жылдык той ээлерин куттуктап Элмурат жана Асел Касымакунова өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Бул күнү жаан жааганына карабастан эл көп чогулуп, маанайлары ачык болду.
Айжан Койчуманова бүтүрүүчүлөргө каалосун айтып кетти:- Менин классым абдан ынтымактуу класс. Ушунусунан жазбай мындан ары да ынтымактуу болушса дейм. Баарына кааларым алдыдагы келе жаткан Мамлекеттик экзамендерин ийгиликтүү тапрышышсын жана келечекке даңгыр жол- дейт класс жетекчиси.
Ийгилик сага бүтүрүүчү.
Даярдаган: Айзат Түмөнбаева
Сынак үчүн.