Мектеп жамааты сунган ыр кесенин жообу кылып, “Таңгабийке-Бердике ” бала бакчасы 31-майда чоң концерт беришти.
“Тарых жана маданият жылы” деп белгиленгенден баштап айылда “Ыр-кеселер” бериле баштады. “Тангабийке-Бердике ” бала бакчасы «1-июнь Балдарды коргоо» күнүнө карата 31-майда айылдын Тамара Жумакаева атындагы маданият үйүндө “Ыр-Кесе” майрамын өткөзүштү.
Концерт үч бөлүктөн түрду.
Доктур эже ырын хор менен мыкты аткарышты.
Жеке номерди Жылдызбек Адамалиев «Атама» ырын мыкты деңгээлде аткарды.
Биринчи бөлүктө тарбилануучулар,тарбиячы эжелери менен биргеликте өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Экинчи бөлүктө буга чейин атайын буйруктун негизинде «Тарых жана маданият» жылына карата уюштурулган өрөөндүк жана райондук сынакта мыкты деп табылган номурларын элге тартуулашты. Номурлар:Манас, слайд,сценка, элдик ырлар болду.Сценкада Т.Турсунбаева ойногон ролдордон кыскача кылып чагылдырып беришти. Тарбиячылар Таттыбүбүнүн ар бир ролун жашына жараша ар ким ойноду.
Кызыл алма.
Жантай Чал Акмөөр менен жолуккан кези.
Уркуя бешик менен олтурган жери ж.б
Үчүнчү бөлүктө бала бакчанын жамааты жана демөөрчү болгон жолдоштору менен биргеликте концерт беришти.
Нарын райондук билим берүү бөлүмунөн бала бакчаларды жетектөөчү адиси Роза Базарбаевна төмөнкүлөргө токтолду.
«Нарын району боюнча 29 бала бакча бар. Анын ичинен 5 бала бакча эң мыктыларды толуктайт. «Тангабийке — Бердике» балабакчасы ошо бештин бири. Куланак айылы сыймыктаныш керек. Ыр-кесе болсо мыкты деңгээлде өттү.»
Эмгекчил өрөөнүнүн Он-Арча айылынан мейман катары келген Кенже эже.
«Бүгүнкү майрамга абдан чоң энергия жумшалган экен. Мыкты деңгээлде өттү».
» Коллективде 15 адам эмгектенет. 100 бала тарбияланат. 75 бюджеттик негизде, 25 үч сааттык программа менен. «Тарыхый инсандарды даңазалап, тарбиялык иштерибизди жакшыртабыз» аттуу облустук деңгээлде жарыяланган сынактын өрөөндүк жана райондук жеңичүүсүбүз. Балдар менен даярданга бир жарым ай убакыт сарпталды. Колдоо көрсөткөн ата-энелериме жана эмгек жамаатыма ыраазычылык билгизем» -дейт бала бакча жетекчиси Таалайкүл Токсобаева.
Ыр кесе мыкты өткөнүн залдагы эл батпай турганы далил болду.
Даярдагандар: Дилде Шатан кызы, Айзат Түмөнбаева.
Сынак үчүн.