“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Мектепте улуу инсан менен жолугушуу кечеси болду

16 Июнь 2016 жыл 12:25
Көрүүлөрдүн саны: 70

     А.Аралбаев орто мектебинде  жазуучу Чоюн Өмүралиев            12-июнда бүтүрүүчү класстар менен жолугушушту. Жолугушуу кечеси 2 саатка созулуп, окуучулар менен биргеликте кызыктуу маек курулду.

 

DSC_0786

Окуучулар агайга ар тараптуу суроолорду узатышып,  каарманыбыз ар бир суроого берилүү менен жооп берип жатты.

Буга чейин эл билбеген Куланак айылынын сырларын Чоюн Өмүралиев анын тарыхы тууралуу окуучуларга кененирээк баяндап берди.

DSC_0807

Каарманыбыз сүйлөп жаткан учурда окуучулар анын сөзгө чебердүүлүгүнө баа берип отургандарын байкоого болот.

DSC_0801

Ошондой эле эстелик болсун деп улуу инсан менен сүрөткө да түшүп алышты.

20160612_112844Жазуучу менен бирге режиссёрлор да келип бүгүнкү кечээни тартып кетишти.

DSC_0795

Алыстан келип мындай жолугушууну эмне себептен  тартып жаткандыктары албетте кызыктырбай койбойт,режиссёрго да суроо узатканга жетиштик: “Мен өзүм атайы келечекке үлгү болгон, кыргыз элине эмгеги сиңген, атактуу,улуу инсандар жөнүндө кино тартып жатам.  Алардын арасында Чоюн да бар”-дейт режиссёр Эдилбек Сарыбаев.

Мектепте агайдын наамын алган “кыргыз тил” кабинети бар. Ал андагы дубалга илинген жасалгаларга жана парталарга  демөөрчүлүк кылган. Бугунку жолугушуу дагы дал ушул кабинетте болду.

DSC_0799

Каарманыбыз бүгүнкү жолугушууда окуучулар берген суроолор абдан таасирдүу болгонун айтып мындайча маек курду: “Мен 1952- жылы  Фрунзе шаарында туулгам. Бир жашка чыкканда ата-энем менен  Куланакка келип ушул жакта жашап калдык. 1968- жылы мектепти аяктап, Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик университетинде филиологиялык факлультетин бүтүрдүм. Журналисткалык  багытында иштедим. Көп жылдар бою жер-жерлерди кыдырып, тарыхый маалыматтарды  изилдедим. Жолугушуудагы айтып берген материалдардын бардыгын эл ичинен жыйнагам.  Ошонун негизинде чыгармачылыгым өркүндөп өстү десем болот.

Эми жолугушуу тууралуу айтсам, окуучулардын берген суроолору мага абдан жакшы таасир калтырды.  Мындайды жогорку  университетте окуган студенттерден, жаш аалымдардан күтсө болот эле. Бирок балдар ошолордун деңгээлиндеги суроолорду берип жатышты, ушунчалык таң калдым” -деп сөзун аяктады.

Биз Өмүралиев Чоюн Исмаиловичти буга чейин жазуучу деп гана келсек, бугункү жолугушуудан соң, тарыхчы, котормочу, жана  изилдөөчү экенин да  таанып билдик десек болот.

 Авторлор: Бегимай Талантбек кызы, Нурила Таалайбек кызы

Редактор: Самара Рыскелдиева

сынак үчүн