“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Нарын: Мектепти артыкчылык менен аяктагандарга «Алтын тамга» тапшыруу аземи болду

24 Июнь 2016 жыл 14:19
Көрүүлөрдүн саны: 167

Нарын шаарында мектепти “Алтын тамга” аттестаты менен аяктагандарга, республикалык предметтик  олимпиадада байгелүү орундарды алган окуучуларга жана агай- эжелерге сыйлыктар тапшырылды. Азем жогорку деңгээлде шаардын борборунда өттү.

DSC_0245

Нарын облусу боюнча жалпы 150 мектеп болсо, алардын ичинен 10 мектеп гана “Алтын тамганы” алышкан.

Аземди шаардын бүтүрүүчүлөрү жакшы маанай менен баштап беришти.

DSC_0195 - копия

Иш-чарага Нарын шаарынын тургундары, мектеп окуучулары жана облустун бардык райондорунан келген мугалимдер менен ата-энелер күбө болушту.

DSC_0205

Кызыл аттестаттын ээлери, спорт боюнча мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон , предметтик олимпиадаларда алдыңкы орундарды багындырган окуучулардын агай-эжелери кызыл килемге тизилишти.

DSC_0245

Жогоруда айтылган ийгилик жаратуучулар кол чабуулардын алкагында кызыл килемден басышты.

DSC_0271

Алардын бири Ат-Башы районундагы Жанаалы Абдрахманов орто мектебинен келген Назгүл Токтобекова бизге мындайча маек курду: “ Мен мектепти кызыл менен бүтүрүп жатканыма абдан сүйүнүп жатам. Бул менин эң негизги максатымдын орундалышы. Аталган аттестатты алышыма биринчиден мугалимдерим Калый Кошалиева жана Кылымкан Жумалиева эжелер чоң салым кошушту. Алардын берген билими мен учүн кылыч болду”-дейт Токтобекова.

DSC_0344

“ Бүгүн аябагандай сүрдөп толкунданып турам. Чынын айтсам мындай чоң аземге биринчи жолу катышып жатам. Келечекке койгон пландарым абдан көп. Кызыл аттестаттын жардамы менен Медициналык Академияга бюджетке тапшырайын деген тилектерим бар”-дейт Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматаалы орто мектебинен келген дагы бир алтын тамганын ээси Искенова Нургиза.

DSC_0251

Иш-чарада Нарын шаарынын губернатору Аманбай Кайыпов сөз сүйлөп, ийгиликке жетишкен окуучулар менен мугалимдерге грамота жана белектерди тапшырды.

DSC_0222

Ал эми Куланак айылындагы А. Аралбаев орто мектебинин окуучусу Нарын району боюнча жалгыз “Алтын тамганын” ээси болду. “ Мен мектепти кызыл менен бутүрөм деп мурунтан эле кыялданып келгем. Ошол максатыма жеткендигим үчүн ата-энем жана мени даярданткан мугалимдеримдин салымы абдан зор. Аталган аттестатты алган деле жеңил болгон жок. Мугалимдерим менен күндөп-түндөп даярдандык. Аларга терең ыраазымын. Ата-энеңдиң жана мектебиңдин ишеничин актаган, бул бул чоң жетишкендик.”-дейт Айсулуу Ногойбаева.

DSC_0206 - копия

Кызынын ийгилигине кубанып турган апасына дагы суроо бердик.
“Кызым кичине кезинен эле максат коюп келген. Ошол максатына жетти. Учурда экономист адистигине тапшырам деп турат. Баланын жетишкендиктери ата-эне үчун ар дайым чон сыймык. Ушундай чоң аземде өзүндүң кызың алтын тамганын ээси болуп турса албетте сүйундурбөй койбойт. Бул бир күндүк эмгек эмес, 10 жылдык эмгегинин акыбети кайтып отурат. Кызымдын мындан аркы да окуусуна ийгилик каалайм”- дейт Калыс Ногойбаева.

DSC_0209

Айсулуу Ногойбаевага кызыл аттестатты Нарын районуну акими Түгөлбай Жанбоев өз колу менен тапшырды.

Кызыл аттестат

Азем  концерттик программалар менен жыйынтыкталды.

????????????????????????????????????

Автор: Бегимай Талантбек кызы

Редактор: Самара Рыскелди кызы

Сынак үчүн