“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак айылында жалпы элдик чогулуш болду.

27 Июнь 2016 жыл 12:11
Көрүүлөрдүн саны: 42

Чогулушта каралган маселе боюнча Учкун  айыл өкмөтүнүн башчысы Тилебек Жумабаевге кайрылып, төмөндөгүчө маалымат алдык.

20160602_112218

Саламатсызбы? Бүгүнкү чогулуштун максаты

Саламатчылык. Жыйналышка эл абдан жакшы чогулду, Нарындан да атайын өкүлдөр да келип катышышты. Учкун айыл өкмөтүнүн алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча жобону эл менен тааныштырдык.

Укук бузуулар боюнча жоболор деп жатасыз. Кандай укук бузуулар.

Кыскасын айтканда айыл ичиндеги тартипти жөнгө салуу боюнча маселелер каралды. Алардын ичине корук, көчүп конуу, тазалык, көрктөндүрүү жана башкалар кирет.

20160531_125647

Жыйналышка чогулган эл кандай кабыл алды.

Айыл тартибинин маселеси болгондуктан баары жакшы кабыл алып, колдоп беришти.

Мындан аркы иш аракеттериӊиздер кандай болот?

Учурда жобого карата эреже иштеп чыгып жатабыз. Талкуу болду. Эми сессияга сунуштайбыз. Бекитилсе уставы менен кошо юстициядан каттоодон өткөрүп, “Web сайтка” жарыялайбыз. Жарыялангандан кийин мыйзамдуу болуп эсептелинет.

20160602_112214

Жобонун негизинде ишти ким алып барат.

Жобого ылайык атайын комиссия түзүлөт. Түзүлгөн комиссия мыйзамдын чегинде иш алып барат.

Маегиңизге чооң рахмат.

Авторлор: Айзат Түмөнбаева, Дилде Шатан кызы

Сынак үчүн.