“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Учкун айыл өкмөтүндөгү салык маселеси

27 Июнь 2016 жыл 12:03
Көрүүлөрдүн саны: 126

Айыл тургундарды сурамжылоонун негизинде айыл өкмөттүн ичиндеги иштер менен эл  жакындан кабардар  болуп турушун кабарлашкан.  Бүгүнкү маек Учкун айыл өкмөтүнүн салык адиси Саламат Жээналиев менен болмокчу.

20160602_115353

Айыл тургундарына  салык боюнча кененирээк баяндап берсеңиз.

-Саламатчылык.Мен Саламат Жээналиев Учкун айыл өкмөтүндө салык адисимин.             2012-жылдан баштап “ИСНАК” программасы ишке кирген. Бул болсо ар бир салык төлөөчүнүн баардык маалыматы Маалыматтар Базасына киргизилген дегенди билдирет. Салыктардын мөөнөтү көрсөтүлгөн. Ар бир салыктын мөөнөтүнөн кечиктирилсе, салык төлөөчү КР мыйзамынын негизинде чаралар колдонулат (пения, финсанкция, штраф). Штрафтын баасы 2000 сомдон 5000 сомго чейин.

Салыктын түрлөрү көппү.

Ооба түрү көп. Салык төлөөчү өзүнүн мал чарба китебинин каттосу боюнча салык төлөшөт. Транспорт, соода, жергиликтүү жер, ФПС, Аукционго жараша, айыл чарба, тазалык салыктары жыйындары болуп салыктар өндүрүлөт.

Салыктын түрлөрүн айтып жатасыз. Баалыры кандай болуп эсептелинет.

Учурда салык түрлөрүнүн бааларында көп өзгөрүүлөр болуп жатат. Айыл тургундарынын толук маалыматы жоктугунан көптөгөн убарачылыкка дуушар болуп жатышат. Айыл тургундарынын үлүш жерлери бар, ал үчүн 1 жылга 72 сом, огород үчүн 1 сотугна 10 сом, тазалык боюнча 1 башка 50 сом. Транспортко болсо чыккан жылына карата эсептелинет.

20160602_115320

Убагынан өтүп кетип эсептешсе болобу?

Болот. Бирок өтүп кеткен күнүнөн баштап пения кошула баштайт. Төлөмдөрдүн ичинен биринчи жер салыгы төлөнүш керек. 25-апрелден баштап жер салыгына пения кете баштады.

Салыктан чогулган акча каякка жумшалат.

Чогулган акча бул бюджеттин маңызы. Даход болмоюн расход жасалбайт. Мисалы мектеп, бала бакча ремонтторуна акча жайкысы керектелет.

20160602_115344

Салык төлөөдө өзгөрүүлөр болду деп жатасыз. Кандай өзгөрүүлөр болду.

20160602_115227

Учурда форма№4 деген жоюлду. Анын ордуна кассовый аппараты колдонула баштады. 8800 сомго айыл өкмөтүнүн бюджетинен алынып келди. Бүгүн десе бүгүн, эртең десе эртең келип төлөп, салык төлөөчүлөр кассовый аппараттын чегин алып кете беришет. Кассовый аппарат келгиче салык төлөөчүлөр  Нарынга барып, банкка төлөшчү. Азыр убарачылык азайып калды.

Авторлор: Айзат Түмөнбаева, Бегимай Талантбек кызы.

Сынак үчүн.