“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Калкынын кадырман мугалими

28 Июнь 2016 жыл 11:12
Көрүүлөрдүн саны: 77

Чыгаан инсан жөнүндөгү баяндамабызды улантабыз. Учурда А.Аралбаев мектебинде  Кемел Жолбунов агайдын 3 кызы эмгектенет. Бири математик, бири физик, бири башталгыч класстын мугалимдери. Атыркүл Жолбунова эже математика мугалими. Атасы жөнүндө мындай дейт.


IMG_20160627_190224   Атам Жолбунов Кемел өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн эл агартуу тармагына арнаган. Окуучуларынын жүрөгүнөн түнөк тапкан, калкына кадырман мугалим болгон. Совет учурундагы мугалим болсо дагы бүгүнкү күндүн талабына ылайык салтка, улуттук өзгөчүлүккө маани берген. Менин мугалимдик кесипти тандап алышыма дагы атамдын чыйыр жолунун таасири чоң.

IMG_20160627_191347

 

IMG_20160627_190248
Апам Шайкүл Байсубанова “Баатыр эне”, колунан көөрү төгүлгөн чебер уз, саймачы эле. Бизди ата-энебиз таалимдүү тарбиялап, эрежеге жеткиришти. Мектеп курагыбызда сабак даярдоо үчүн атайын “ окуу бөлмөсүн”уюштурушуп, керектүү шкаф, китеп текче, стол, стул коюп, ар бирибиз үчүн орун даяр эле.   Бүгүнкү күндө бир туугандарым мугалим, мединица кызматкерлери айдоочу, бухгалтер, аскер кызматкери болуп үзүрлүү эмгектенип жатышат. Ушул даражага жеткирген ата –энебизге дайыма ыраазычылык жана алар менен сыймыктанабыз.

IMG_20160627_190449

 

                                        Өмүр  баян

Жолбунов Кемел 1931-жылы  15-июлда Тянь-Шань областынын Куланак районунун Куланак кыштагында кедей-дыйкан үй-бүлөсүндө туулган. Куланак орто мектебин бүтүрүп, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик мугалимдер институтунун тарых факультетине кирип, 1951-жылы жакшы ийгиликтер менен аяктаган.IMG_20160627_190546

Насаатчы ата үй-бүлөнүн  камкор башчысы, туугуандарынын акыл кеңешчиси, эмгекчил кары, адамгерчиликтүү ак сакал 68 жашында курман болду.  Балдарынын, окуучуларынын, айылдаштарынын, туугуандарынын  эсинде дайым сакталат.  Улуулар- урматтаган, кичүүлөрдү ызаттаган Кемел агай  дайыма эл ичинде жылуу пикир калтырат.

Эмгектери жана сыйлыктары:

1951-жылы эмгек жолун Куланак районуна караштуу Ак-Булак жети жылдык мектебинде  тарых мугалими болуп иштеп баштаган. 1952-1954-жылдары  Учкун жети жылдык мектебинде, Эмгек Талаа мектебинде завуч жана тарых,  география мугалими болуп эмгектенет. 1954-жылдын 10-октябрынан 1956-жылдын июль айына чейин Советтик  Армиянын катарында кызмат өтөп, август айынан баштап Куланак интернатында тарбиячы  жана мугалим болуп иштеген. 1957-1962-жылдары Кыргыз мамлекеттик универстетинин тарых факультетин бүтүргөн Кемел агай өз предметин терең  билген, сабактын  техникалык көрсөтмөлүүлүгүнө көңүл бурган. Мектеп ичиндеги тарых кружогун жетектеп, ал кызыктуу жана талаш- тартыштар менен өтүлүп турган. Мезгилдин талабына ылайык окуу кабинетин жасалгалап түзгөн, ошону менен бирге класс жетекчиликти да ийгиликтүү алып барган.

?

Түйшүктүү кесиптин ээсинин  көп жылдык эмгеги  бир нече ардак грамоталар жана “Эмгектин ветераны” медалы менен бааланган. Жолбунов Кемел мүнөзү  токтоо, орто бойлуу  көп сүйлөбөгөн сүрдүү адам болгон.  Ал кыргыздын  каада салтын, үрп адатын сактаган , ата кесибин аркалаган  уста. Бешик ,боз-үй, үй эмеректерин  жасоодо өз чеберчилигин көрсөтчү.  Кемел агай  агартуу тармагында иштөө менен  эле чектелбестен  дыйканчылыкты да мыкты өздөштүргөн.  Ата- бабасы ээн калгаан конушка там салып, бак-шак тигип, боз  топурак коктуну  кичине эс алуу чарбасына айлантып, таруу, буудай, арпадан , памидор калемпирге чейин өстүрүп алчу.

?

Дардаган: Айзат Түмөнбаева, Сарбагыш кызы Медина

Сынак үчүн.