А.Аралбаев атындагы орто мектебинде Ага Хан фонду тарабынан MSDSP KG уюмунан мектептерди жакшыртуу программасынын алкагында семинар болду. Семинарга мектеп окуучулары жана мугалимдер катышты.
Семинар тууралуу Индиядан келген Шарания айым менен кызыктуу маек курдук.
Бүгүнкү жолугушуу ойдогудай эле өттүбү?Максатыныздар эмне эле?
-Биздин эң башкы максатыбыз бул мектептеги парламенттердин иш-аракеттери менен таанышуу,иш жүзүндө көрүү жана ошондой эле граждандык укук боюнча канчалык деңгээлде мугалимдер жана окуучулар иш алпарышат,канчалык деңгээлде өздөрүнүн укуктарын,милдеттерин колдоно алганды билишет. Мен бүгүнкү жолугушуудан абдан көп маалымат алдым.Мугалимдердин иши аябай жогорку деңгээлде өтөрүнө ынандым. Окуучулар өзүлөрүнүн милдеттерин жана укуктарын толук эсе билет деп ишене алам.
Биздин мектеп менен келечекте иш алпарасыздарбы? Кайра мектепке качан келесиздер? Дагы качан жолугушуу болот?
-Бул Ага Хан фонду каржылап аткан MSDSP KG коомдук фонду аркылуу ишке ашырылып жаткан мектептерди жакшыртуу программасы 2016-2018-жылдары ишке ашат.Куланак айылындагы А.Аралбаев орто мектеби быйыл 2016-жылы пилоттук мектеп катары бул проектиге кирип атат. Ошол себептен Куланакка келдик. Мен бүгүн жүргүзгөн жолугушуудан кийин тренингдик модулду иштеп чыгам.Тренингдик модулунда талкуулаган темалар,анын ичинде окуучулардын,мугалимдердин арасындагы конфликттин алдын алуу ,конфликтке көз карашы кандай болуш керек.Жана ошондой эле команданы кандай түзүш керек,лидерлик,организатордук көндүмдөрдү кандай жол менен жакшыртса болот.Ушундай темаларды биз тренинг модулуна камтыганга аракет кылабыз.
Семинар кандай өткондүгү тууралуу окуучулар менен дагы маек курдук.
Бүгүнкү семинар кандай өттү?
“Бүгүнкү семинар жакшы өттү.Индиядан келген Шарания эже бизге жакшы суроолорду берип,бизден жакшы идеяларды,маалыматтарды алды деп ойлойм.Шарания эжеден биз адамдын укугу жөнүндө маалыматтарды ала алдык.Биздин мектептеги парламентти көрүп кетти.Парламент кантип иштейт,ошого кызыкты.Бизде дагы ушундай семинарлар көп-көп болуп турса”-дейт 11-классынын окуучусу Таалайбек кызы Жылдыз.
“ Бүгүнкү семинар абдан жакшы өттү деп ойлойм.Ар кандай суроолорду бердик жана өзүбүзгө татыктуу жооп ала алдык”-дейт 11-классынын окуучусу Бек уулу Канат.
Семинар 2 саатка созулду. Шарания эже Кыргызстандын тоолору жана жаратылышы абдан жакканын айтып өттү. Жолугушуу бүткөндөн кийин окуучулар жана мугалимдер менен бирге сүрөткө түшүштү.
Автор:Талантбек кызы Бегимай
Сынак үчүн.