“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Ата-Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулун чагылганга

16 Июль 2016 жыл 11:27
Көрүүлөрдүн саны: 121

Куланак айылынын кулуну, кыргыз элинин сыймыгы болгон Төлөбек Исмаловдун атасы Эсенбек ата менен уулу туралуу маектештик.

20160714_155948

“ Менин уулум ушул айылда июнь айында 1978-жылы туулган. Мектептин босогосун 1985-жылы аттап,1995-жылы окууну бүтүп , Бишкекке кеткен. Өз күчү менен Дордойдо иштеп жүргөн кезде эле  рукопачный бойго катышып, спорт менен машыкчу. Ошентип жүрүп 2коло медаль алып келди. Ошондо мен тууган уруктарды чакырып , элдин батасын алдым. Көп өтпөй эле , элдин батасы тийдиби 2-оорунду, андан кийин 1-оорунду алып келди.

Эсен атанын сөзүн угуп олтуруп, уулу өжөр, алдынан койгон максатына жетүү үчүн болгон күчүн жумшаганына ынандык.

?

“Эргешалиев атындагы академияда 7 жыл сырттан окуп жүргөндө эле  Бишкектеги ички иштер министирлигинде уюшулган “Барс” деген Омонго кирген.  Анан Американын посольствосун, Мария Ионовнаны 4 жыл кайтарган. Америкадан келип, ички иштер министирлиги Суранчиевди,Абдылдаевди,Куловду М.Турганбаевди 2,3 жыл кайтарды. Барс деген омондо инструктор болуп 15 жыл иштеген. Ортодон Баткен согушуна катышып “Эрдик” медалын алып келген. Уулум кызмат учурунда каза болгондон кийин  “Даңк” медалын беришти.

Төлөбек Исмаиловду  жерге берүү  аземинде Ички иштер министирлигиненда кишилер келип көп убадаларды берип кетишкенин агай мындай деп айтат20160714_153356

“Жерге коюлгуча районодон, облустан губернатор муну аткарып тигини аткарып беребиз деп айтышкан .Мектептен  бир класс , Куланак помунун атын берип,  баардык жаганан каржылайбыз дешкен”. 20160714_153212

Бирок эч иш жүргүзүлбөгөндүктөн Темир Сариевке 1 эмес 2 жолу кат жазып жообун дагы алгандыгын айтат.20160714_153247

“Өлүп калгандан кийин 5 жыл өткөн соң монотория жарыяланып Куланак айылына, өзү жашаган көчөгө аты берилет деп айтты .МБД болсо колунан келген жардамдарын берип жатат.Миллион сом берип, алтын тамга менен атын карандашка жазып анын ачылышына барып келдим. Буюрса күзүндө там беребиз дейт20160714_153047

Куланак айылынын астынкы көчөсүндөгү сайга көпүрө курулуп жатат.  Ошол жөнүндө Эсенбек ата кененирээк баяндап берди.

?

“Мектеп берген классты деле каржылап коймокмун. Бирок балдарым менен кеңешип, аркы өйүз менен берки өйүздү бириктирип тургудай кылып көпүрө салууну чечтик. Буюрса бүтүп калды. Цементи , бетону, шагылы баары биригип 350 000 сомдун тегереги болду”.20160714_134439

Бир аз гана жумушу калыптыр, кооздолуп, банерлери коюлуп акиленсе айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берерин айтты.20160714_134452

“Ачылышына райондон, облустан чакырып туруп айыл өкмөтүнө өткөрүп берем. Бул тарыхта калсын. Мен салды болом. Бирок баламдын наамындагы көпүрө болот да.”

Баатырдын артында үч уулу калгандыгын айтты. Аттары Тилек, Тимур Темирлан. Биз да  атасындай  элине кызмат кылган уулдардан болушуна тилектешпиз.

Кош Төлөбек.

Ак басып Теңир-Тоого кыш түшту

Теңир –Тоонун бир кулуну  окко учту

Эне жашын,ата жашын тыя албай

Уулун жоктоп,капыс туруп боздошту

Курч мүнөзү Куланактын кулуну

Курчуп мизи Спесназда  чыңалган

Элин коргоп, жерин коргоп ардайым

Дайым даяр,дайым бийик тура алган

Төлөбектин капыс ок ко учканы

Эл бозоруп жүрөктөрү сыздады

Каргыш катуу терориске кадалсын

Теңир- Тоомдун төгүп ташка муздагы

Динде-шайтан кирип алган башына

Дили кара эл ичине жамынган

Далай бүлүк эл журтуна түшүрсө

Багуу шартпы эл атынан жашыра

Андайларды атыш керек көрүнө

Тукум курут кылыш керек сөгүлө

Сүйрөп салып өлүктөрүн талаага

Койбош керек чыгым кылып көрүнө

Баш кесерлер түбөлүккө камалган

Багуусунда өкмөттүн болушкан

Түрмө ичинен качып чыгып тогузу

Төрт адамдын өмүр гүлүн соолуткан

Качкан. Көркоо кайгы салып элиме

Жети адам  өлүп сөөгү  көмүлдү

Жетим калып арт жагында балдары

Жесир калып аял жашы төгүлдү

Кош Төлөбек өлгөн жоксуң  шейитсиң

Өксүп өтүп . Эл журтуңду кейиттиң

Даңазалуу баатыр болуп өткөнүң

Кудай курган төрүндөсүң  бейиштин

Өксүп. Куалган . ата-энеңдин кайраты

Даңкың чыгып, бул жашоодон өткөнүң

Өмүрлүк жар, балдарыңдын сыймыгы

Эрдик кылып, элиң үчүн кеткениң

Сен өлбөдүң түбөлүккө турасың

Элиң эстеп, элесиңде жашайсың

Эрлигиңди элге кылган кызматың

Тарых болду кыргыз элисактоочу.                21.10.2015 жыл     Т.Шаршенбеков.

Бишкек шаары.

Даярдагандар: Талантбек кызы Бегимай, Сарбагыш кызы Медина, Айзат Түмөнбаева

Сынак үчүн.