“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Ат-Башы: Ала кийиздин жасалышы

29 Август 2016 жыл 21:07
Көрүүлөрдүн саны: 235

Канча кылым карытып жол басып өтсө дагы, кыргыз ала кийизинин жасалышы  ошол бойдон муундан муунга өтүп келет. Жүнгө жан кийирип, ала кийиз жасаган уз айымдардан ала кийиздин жасалыш тартиби менен тааныштык.

ала кийиз

Ала кийиз жасаалардан мурда көп даярдык керек экенин Ишен эже мындайча баяндап берди.

ишен

Бул кийиз жасоо бир кишинин колунан келбейт. Биринчиден керектелүүчү жүндү даярдап аябай күнгө какшытып кургатып алыш керек. Андан кийин тазалап, сеткага  салып алып  сабалат. Чоң койдун жүндөрү узун болот, алар жакшы кириш үчүн кырчып кайра сабалат. Ала кийиз болгон соң түрлөп жүндөрдү да  боёшот. Кийиз бышык бекем болуш үчүн  атайын козунун жүндөрү да кошулат. Кылчык , уяң, козунуку, боёлгон деп   жүндү даярдоодо атайын сорттолорун  да баса белгилеп кетти.

Түйшүкту көп талап кылган ала кийизди учурдун суроо талабына ылайык такыр боёбостон эле жүндүн өңү кандай болсо  ошол бойдон жасашат экен. М: Кара жүндүн бетине ак, ачык көк, кызыл  жүндөрдөн  оюу оюп дегендей. Бүгүн атайын 2 м кылып кара жүндүн бетине ак жүндөн оюу оюлуп кичинекей дарожка жасап жатышты.

Жүндөр даяр болгондон кийин чий жайылып, бетине жүн текшиленип салынат. Буга атайын чебер адам керек. Анын кызматы жасалып жаткан кийиздин текшиленише жооп берет. Бул жумуш бакылоо деп аталат. Текши бакыланбаса кийиздин кээ жери жука, кээ жери калың болуп калат. Же болбосо кай жерлери да үзүлүп калат. Андан кийин сүрөтчү адам керектелет. Кыскасы текшиленген кара жүндүн бетине ак жүндөн оюу оюлат. Капкара деп тандалып алынган кара жүн үстүнө текшиленип жулунат дейт Ишен эженин курбусу Сажира эже.

сажира

Мунун баары даяр болгуча атайын казанга суу кайнатылып жатты. Даяр болгон жүндүн бетине кайнап жаткан суу куюлуп, текши оролду. Чийге оролгон жүндү акырындык менен таңышып, сыртынан жип менен чырмай байлашты. Эми жумуш тестиер балдарга жетти. Чийдин ар жак бер жагынан чыгышып тепкилеп жатышты.

кийиз

Бул жасап жаткан чоң ала кийиз болбогондуктан 1 сааттык кана тепкилөө жетиштүү. Чоң кийиз болгондо туура 2 саат тепкиленмек. Жарым саат өткөндө кийин кайра дагы бир жолу  чийдин үстүнөн  кайнак суу куюлаарын айтышты.

бал

Балдардын жумушу бүткөн соң уз эжелер, чийге жүн боюнча салышкан жүнүн кийз түрүндө чыгарып алышты. Эми билектерин түрүшүп бышырууга киришишти. Бышырыш үчүн кайнак суу кайрадан куюлуп, үстүнөн билек менен басылды. Андан соң кирдеш керек деп эртеден бери кайнак суу куюлса эми тоголоктоп алышып үстүнө муздак суу куюп жатышышты. Жыйынтыктап жатып Нуршат эже буларга токтолду.

чий

Жүндүн чыбашы чыгыш үчүн кирделет. Эгерде жүндү жууп алып жасасак ала кийиз такыр жасалбайт. Себеби жүндүн чыбашы (кири) кирип, кийиз болот. Кийиз чыбаш жыттанып калбас үчүн суу тазалангыча үстүнөн куюлат. Муздак сууга жууган үчүн бир аз кийиз бошой түшөт ошондуктун кийизди  кургатып алып кайрадан бышырыш керек ошондо кийиз бышык болот.

мамам

Кенедей дарожка деп аталган ала кийиздин жасалышы ушундай көптөгөн жумушту талап кылып жатса шырдак мындан көп жумушту талап кылаарына толук ынандык.

Авторлор: Медина Сарбагыш кызы, Дилде Шатан кызы

Сынак үчүн