Куланак айылындагы айдоо аянтында эркин жүргөн жылкыларды көрүп,Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак айылынын кароолчусу Имангазы Кыдыралиев менен маек курдук.
-Саламатсызбы?
-Саламатчылык.
-Биз көрүп турган жылкыларды сиз кайда алпарасыз?
-Камайм, мурунку автогараж атайын камак үчүн берилген.
-Корук кайсы убактан баштап башталат.
-Бизде айдап себүү башталгандан баштап эле корук башталат. Кыскасы 15 апрелден 15-октябрга чейин корук убагы.
-Айдоо аянтчаларын коруш үчүн сизге кандай шарттар түзүлгөн.
-Менин минип жүргөн атымды айыл өкмөтү тарабынан берилген.
-Камактагы малды чыгарыш үчүн канча акы төлөнөт жана атайын айлык акы каралганбы?
-Ар бир бодо малга 100 сомдон. Мен болсо ошол мал ээлери төлөгөн акчадан гана акча алам. Атайын тариф менен мага айлык акы чектелбейт.
Бир күндө канча мал камакка түшөт.
-Ар кандай. Кээде 30-40 ка чейин камалат. Кээде такыр эле жок болуп калат.
-Корук экенин билип туруп мал ээлери карашпайбы.
-Карашат. Малдарыбыз тоодо деп ойлошот , бирок биякка көнгөн мал түшүп келе берет. Ошондуктан мал ээлери деле билбейт камакта экенин . Мисалы: Бүгүн силерге атайын кайрылдык твиттерге кетиргиле деп. Себеби бир жумадан бери камактагы малдар бар, ачкадан өлмөк болгондо кулактандыруу жибердик эле алып кетишти.
-Баары эле акчаларын төлөп кетишеби.
-Жоок каяктан. Айылда акча жок да . Карызга деле чыгарып кетишет.
-Сиз айылда корукча болуп канчадан бери иштейсиз.
-13 жылдан бери корукчумун. Жумушум жай убагында эле (сезонный).
Саламатта калыңыз.
Автор: Бекназар Дөлөтбек уулу.
Сынак үчүн.