“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак айылында чөптүн баасы арзандады

17 Сентябрь 2016 жыл 12:58
Көрүүлөрдүн саны: 54

 

Былтыркыга салыштырмалуу чөптүн баасы 30-40 сом болуп калды.Эмне себептен арзандагандыгы тууралуу биз айыл тургундары менен маек курдук.

img-20160825-wa0003

 

“ Быйыл чөптүн баасы 1- чабык 30-40сом болду, ал эми 2- чабык 50 сомдун тегереги болду.Чөптөн чыккан акча актаган жок. Мен эсептеп көрдүм. Эгерде 100 боо чөптү пресстеткен киши 50 сомдон сатса 5000 сом табат, ал эми чыгашасы  6000 сом болот. Чөп көп чыккандыгына байланыштуу  арзан болду”-дейт айыл тургуну Абдраев Бердибек.

chopchik

“ 1-чабык 30 сом болгондугуна байланыштуу чөптон чыккан чыгым акталбай калды. Услугалар кымбат болду.

chopchik4

Чөп көп жерге чыкса керек, былтыркыдай болгон жок. Былтыркы чөптүн жарым баасынан да арзан болуп кетти. Талаанын чөбүн жыйнаган эмгегибиз гана болуп калды”- дейт Бейшегулов Зайырбек.

chopchik5

“Мен быйыл эң арзан баада чөп сатып алдым. Жаан-чачын болду, жердин баарына чөп чыкты ошол үчун арзан болуп жатты. Мисалга алсак Ат-Башы өрөөнү мурун бизден чөп сатып алышчу.

chopchik6

Азыр тескерисинче сатып жатышат.  Бардык жерде чөп сатып жатышса, албетте арзан болот”- дейт Абдрахманов Кенжебек Абылович.

chopchik3

 

Быйылкы жыл түшүмдүү болгону менен чөп сатып иштеген адамдар ойдогудай киреше таба алышкан  жок.

Авторлор: Мунара Дүйшөнбекова, Медина Сарбагыш кызы

Редактор:Бегимай Талантбек кызы

Сынак үчүн