Бишкек шаарында 19-сентябрь кунү “Куланак ынтымагы” клубу уюштурган марафон болуп өттү. Марафондун максаты айылда футбол ойной турган жай болбогондуктан жаш муун үчүн аянтчаны куруп берүү.
Атайын курултай өткөзүлүп, марафон башталды. Марафондун жүрүшүндө атайын командалар түзүлүп, футболда ойношту.
Ага-инилерибизди ынтымакка чакырып “ Куланак ынтымагы” клубу уюштурганбыз.Бүгүнкү күндү атайын белгилеп, шаарда турган куланактын кулундарын чакырдык. Биздин максат айылдын жаш муунуна кичи болсо футбол аянтчасын куруп берүү – дейт Улан Ажыбаев.
Келген коноктор активдүү катышышып колунан келген салымдарын кошуп жатышышты.
Атайын комиссия түзүлгөн, түшкөн акчанын эсеп кысабы жазылып жатат дейт Улан байке.
Кичи футбол аянтчасынын жалпы суммасы 10-20 миң доллардын тегереги болоорун Бакай Өмүралиев баса белгиледи.
Бүгүнкү күндө 100 000 сомдон ашыкча акча каражаты чогулду. Келип салымын кошуп жаткан агаларыбызга, инилерибизге ыраазычылык билдиребиз. Бул марафон ушу менен токтоп калбайт 2- чогулушун 17-октябрга белгилеп жатабыз. Анан дагы спонсорлор да табылып жатат. Буюрса декабрь айы менен аянтчаны бүтүрүп беребиз деп максат кылып жатабыз.
Мындай марафон шаар тургундары үчүн шаарда эле болуп турганын келгендер айтып жатышты.
автор: Бекназар Дөөлөт уулу
редактор: Айзат Түмөнбаева
сынак үчүн.