А.Аралбаев атындагы орто мектебинде “Карылар үйдүн куту” аттуу 7б классы уюштурган кече болду. Кечеге мектеп жамааты жана ата энелер катышты.
Салтанаттуу кече окуучулардын жардамы менен уюштурулган.
Бул класста неберем окуйт. Карылар кунунө карата уюштурулган кечеге келгем. Мага абдан жакты. Дейт Ырысбүбү Исмаилова
Кеченин жүрүшүндө ырлар айтылып, сценкалар коюлду.
Калича Асыраева апада мектепке келген
Мен ушул айылда төрөлүп ушул мектепте окудум. Атайын неберемдин өнөрүн көрөйүн деп келгемин. Класс жетекчиси Элмира Асаналиева дайым ата-энелерди унутпай чакырып турат. Класс жетекчисине ыраазычылык билдирем.
Кече аяктагандан кийин атайын чай уюштурулуп, карыларды дасторконго тартышты
Бүгүн атйын чакырганынан келгемин. Карылар күнүнө арналып жаткандыктан бүт эле чоң ата,чоң энелер келиппиз. Балдардын оюн зоогун көрдүк. Абдан ыраазымын. Балдарга ден соолук, окууларына ийгилик каалайм. Дейт Ишенбек Беков.
Мындай кечелер октябрь айына чейин уланат. Атайын дубал газеталар уюштурулуп конкурстар жүрүп жатат . Окуучуларда, ата-энелерда активдүү катышып жатышат дейт.
А.Аралбаев орто мектебинин уюштуруучусу Чынара Балтабаева.
Автор: Дилде Шатан кызы
Сынак үчүн.