Куланак айылында куздүн келиши менен түшүм жыйноо башталды. Жаздан бери талыкпай эмгектенип келе жаткан дыйкандардын эмгеги кандай болгондугу тууралуу дыйканчылар менен маек курдук.
10 жылдан бери дыйканчылык менен алектенебиз. Биз сабиз, капуста, кызылча, пияз, чеснок жана ошондой эле картошка айдайбыз.
Мындан сырткары бакчабызда карагат, алма, малина да бар. Жайды жайлата бошпуз, ошол себептен жер-жемиштер менен алектенебиз. Өстүргөн жер-жемиштерибизди күзүндө терип алып, тазасын чиригин сорттоп, сатчусун сатып, кышка сактоочусун сактайбыз. Кызылча менен сабизди нымдуу кумга же топуракка сактайбыз. Буларды кумга, топуракка сактоонун себеби өзүнүн согун жоготпойт. Быйыл малинанын баасы түштү.
Былтыр 200 сомдон сатсак, ал эми быйыл 150 сомдон саттык. Ал эми помидорду 30 сомдон саттык. Быйыл түшүм жакшы болду ”- дейт Куланак айылынын тургуну Абакиров Кенжебек.
“Жубайым экөөбүз көптөн бери дыйканчылык менен алектенип келебиз. Бирок өзүбүзгө чакан гана жерди иштетебиз. Өзүбүздүн огородубузга чеснок, картошка жана ошондой эле бадыраң, капуста, помидор, кызылча, кичинекей болсо да перец айдайбыз.
Кесибибиз өзүбүзгө жагат. Ушул кесип менен эмгектенебиз. Жайдын күнү бош убактыбыздын баары менен күн өткөрүп отойбуз, сугарабыз. Өзүбүзгө пайдасы тиет, ошол үчүн жагат. Өстүргөн жер-жемишибизди кышка сактайбыз. Чеснокторду болсо, казабыз да байлап илип коёбуз. Убактысы келгенде сатабыз.
Дыйканчылык менен гана алектенем, ал эми жубайым мектептин ашканасында ашпозчу болуп иштейт.
Быйыл күзгү түшүм абдан жакшы болду. Жаздан бери иштеген эмгегибиз акталды”- дейт айыл тургуну Абдрахманов Кенжебек.
Автор: Айдана Сарбагыш кызы
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн