“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак айылында футбол аянтчасын куруу үчүн марафон болду

5 Октябрь 2016 жыл 14:55
Көрүүлөрдүн саны: 69

“Келечекке бирге барабыз” аттуу марафон 2-октябрь күнү болуп өттү. Марафондун максаты эмне болгондугун билүү үчүн биз катышуучулар менен маек курдук.

ma7

“Бугүнкү саамалык ушул жерде марафон уюштуруп жаттык эле. Максатыбыз элибиздин күчү менен айылыбызга футбол аянтчасын куруу.  Буга бирден бир чоң салымын кошкон Канатбек Муратбеков агабыз. Бул киши алдына салына турган  15000 $ (он беш  миң долларлык)

ковролин алып бергени жатат. Анан марафондон чогулган акчага сеткасын тургузуп, атцерин түздөп жазасак дегенбиз.

marafon8

Ошого 400 миңдин тегерегиндеги акча керек экен. Бишкек шаарында да өзүбүздүн марафон өтүп, жаштарыбыздын демилгеси менен 100 000 (жүз миң) миң сом чогулган.  Азыр болсо өзүбүздүн айылыбызда өткөрүп жатабыз.  Марафонду өткөрүп бүткөндөн кийин материалга кетебиз.  Буюрса 10-20-октябрларда баштайбыз. Бул эми башталышы гана, мындан да көп саамалыктарды өткөрөлү деп жатабыз”- дейт Куланак айыл өкмөтүнүн башчысы Абай Калдарбек уулу.

marafon1

“Бүгүн марафон болду. А.Аралбаев орто мектебинин окуучуларына футбол аянтчасын куруп берели деп жаштар чуркап жатышат. Өздүк салым керек болуп марафон уюштурдук. 100 гө жакын киши келди. Алдыда көп нерсени кылчу максаттарыбыз бар”- дейт Куланак айылынын Тамара Жумакаева атындагы маданият үйүнүн директору  Ааза Тилекматова.

ma

“Буюрса марафон жакшы өтүп жатат. Марафондун максаты айылыбызга кичи футбол аянтчасын куруу, жаштардын ден соолугун чыңдоо. Жаштардын келечеги үчүн. Бул марафон саат 6:00го чейин уланат. Мындан дагы көптөгөн ой-максаттарыбызды ишке ашыралы деп жатабыз”- дейт комиссия мүчөсү Стам Ишенбек уулу.

ma1

Марафон кечки саат 6:00го чейин уланып, айыл тургундары өз салымдарын кошушту.marafon2
Автор: Медина Сарбагыш кызы

Тренер: Бегимай Талантбек кызы

Сынак үчүн