Куланак айыл өкмөтүнүн жалпы жамааты карыларды майрамы менен куттуктап, аш-чара уюштурушту. Аш-чарага келген карылар менен маек куруп келдик.
“Бүгүн карылар күнүн куттуктап, айыл өкмөт коллективи 65 жаштан жогорку карыларды сыйлап, майрамдатып жатат.
А.Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучулары жакшы концертин тартуулашты. Максатыбыз карыларды сыйлоо жана урматтоо. Ар бир майрам сайын ушундай мааракелер болот, майрам болгон сайын куттуктап турабыз”- дейт уюштуруу тобунун мүчөсү Акин эже.
“Карыялар күнүнө арналган кече мурдакы жылдарга караганда эң жогорку сапатта болду. Мурда 10-15 киши чакырылып үйлөрдөн тосуп өткөрүшчү. Быйыл болсо жыйналыш өтүп, өткөн-кеткенди кеп кылып аябай жакшы өттү. Мага абдан жакты, толкундануу менен кабыл алдым. Мындан кийин да жакшы кечелер болуп турат деп ишенем”- дейт Куланак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрөгасы Тезекбай Шаршенбеков.
Тезекбай Шаршенбеков атабыз карыларга арнап чыгарган ырын окуп берди.
“Бүгүн карылар майрамында карыларды сыйлап “Карысы бардын ырысы бар”, “Сен сыйласаң карыны, кудай сыйлайт баарысын”деп илгерки ата-бабаларыбыздан калган сөз бар. Бүгүн карылардын көңүлүн көтөрүп, үйүндө отургандарды алып келип жакшынакай концерт беришти.
Майрам жакшы өттү,баардыгына чоң рахмат. Майрамыбыз майрамга уланып, дайыма сыйдын үстүндө жүрөлү. Сыйлаган жаштар аман болушсун. Бүгүн аябай кубанып, толкунданып жатам. Бизге аябай жакты, бул жылда кайталанчу нерсе эмес, аябай жакшы болду. Ушундай иш-чаралар уланып турсун,иш-чараны уюштурган жаштар бар болушсун”- дейт Сыдыкова Жаңыл апа.
Чакыргандарына карылар ыраазычылыктарын билдиришип, баталарын беришти.
Автор: Медина Сарбагыш кызы
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн